Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык

Өмүр баян

1971-жылы 29-ноябрда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында туулган.

1994-жылы Казак улуттук техникалык университетин инженер-электрик адистиги боюнча, 1995-жылы - Казак мамлекеттик башкаруу академиясын экономист адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердигин 1994-жылы Казакстан Республикасынын Каржы министрлигинде Каржы рыногунун баалуу кагаздары башкармалыгынын акционирлөө жана лицензиялоо бөлүмүнүн алдыңкы экономисти кызматында баштаган.

1995-жылдан баштап бөлүм башчысы, андан кийин 1996-жылы - башкармалыктын башчысынын орун басары, 1997-жылы - бюджет департаментинин директорунун орун басары, 1998-жылы - мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин директору, 1999-жылы - казыналык департаментинин директорунун орун басары, 2001-жылы - бюджет департаментинин директорунун орун басары, 2002-жылы - Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик бюджет департаментинин директору болуп дайындалган.

2002-жылдын сентябрынан 2003-жылдын июнь айына чейин – Казакстан Республикасынын Экономика жана бюджеттик пландоо министрлигинин бюджеттик саясат жана пландоо департаментинин директору.

2003-жылдын июнь айынан 2006-жылдын февралына чейин – Казакстан Республикасынын экономика жана бюджеттик пландоо вице-министри.

2006-жылдын февралынан 2007-жылдын январына чейин – Казакстан Республикасынын Статистика боюнча агенттигинин төрагасы.

2007-жылдын январынан 2007-жылдын 10-августуна чейин – Казакстан Республикасынын каржы вице-министри.

2007-жылдын 10-августунан тарта – Казакстан Республикасынын экономика жана бюджеттик пландоо министри.

2010-жылдын 13-мартында Президенттин указы менен Казакстан Республикасынын Президентинин жардамчысы болуп дайындалган.

2012-жылдын 21-январынан 2013-жылдын 6-ноябрына чейин – Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары.

2013-жылдын 6-ноябрынан 2018-жылдын 11-сентябрына чейин – Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары жана Казакстан Республикасынын каржы министри.

2018-жылдын 11-сентябрынан 2019-жылдын 13-июнуна чейин - Астана шаарынын акими.

2019-жылдын 17-июнунан тарта – Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри болуп дайындалган.

2022-жылдын 11-январынан 15-августуна чейин - Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - соода жана интеграция министри.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2022-жылдын 6-октябрындагы чечими менен ЕЭКтин Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) болуп дайындалган.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2024-жылдын 1-февралынан тартып ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри болуп дайындалган.
Төмөнкүдөй ыраазычылык каттары менен сыйланган: Казакстан Республикасынын Президентинин (2001-ж.), Казакстан Республикасынын Премьер-министринин (2005-ж.). Ошондой эле төмөнкүдөй медалдар менен сыйланган: "Астанага 10 жыл" (2008-ж.), "Казакстан Республикасынын Парламентине 10 жыл" (2006-ж.), "Казакстан Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгы" (2011-ж.), "Казакстан Республикасынын Конституциясына 20 жыл" (2015-ж.), "Астанага 20 жыл" (2018-ж.), Каржы кызматынын отличниги (2014-ж.).

"Курмет" (2006-ж.), "Парасат" (2012-ж.), III даражадагы "Барыс" (2021-ж.) ордендеринин кавалери.