Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
17.09.2019

ЕАЭБ өлкөлөрү Global Management Challenge стратегия жана башкаруу боюнча чемпионатына кошулушу мүмкүн

​16-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Global Management Challenge (GMC) уюмунун аткаруучу директору, SDG – Simuladores e Modelos de Gestão компаниясынын башкы директору Жуао Матозу Энрикеш Евразия экономикалык комиссиясынын жана Global Management Challenge стратегия жана башкаруу боюнча чемпионатынын уюштуруучу комитетинин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, жолугушууда РФ Президентинин алдындагы Россия эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат академиясынын Уюмдук өнүгүү жана стратегиялык демилгелер институтунун (РАНХиГС) директору, GMC долбоорунун Россиядагы жетекчиси Вячеслав Шоптенко катышышты. Жолугушуу ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.
16-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Global Management Challenge (GMC) уюмунун аткаруучу директору, SDG – Simuladores e Modelos de Gestão компаниясынын башкы директору Жуао Матозу Энрикеш Евразия экономикалык комиссиясынын жана Global Management Challenge стратегия жана башкаруу боюнча чемпионатынын уюштуруучу комитетинин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, жолугушууда РФ Президентинин алдындагы Россия эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат академиясынын Уюмдук өнүгүү жана стратегиялык демилгелер институтунун (РАНХиГС) директору, GMC долбоорунун Россиядагы жетекчиси Вячеслав Шоптенко катышышты. Жолугушуу ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү. «Биз Евразия элитасынын калыптанышына чоң көңүл бөлөбүз. Биздин Бирликтин мүчө мамлекеттеринин Global Management Challenge менен кызматташтыгы, эл аралык чемпионаттарда ийгиликтүү катышуусу ЕАЭБ өлкөлөрүнөн чыккан жаш башкаруучу-ишкерлерге алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берет, демек, биздин өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», – деди Тигран Саркисян. Ушул жылы Global Management Challenge уюмуна 40 жыл толот. Дүйнөнүн 37 өлкөсүндө иш алып барган бул уюм, студенттик жана корпоративдик дүйнөлөрдү бириктирген, стратегия жана башкаруу боюнча мелдештерди өткөрөт деп билдирди Жуао Матозу Энрикеш. Азыркы учурда Global Management Challenge чемпионаттары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Россияда гана өткөрүлүүдө – 2006-жылдан тарта, бул мезгилдин ичинде ага дээрлик 70 миң адам катышкан. 2019-жылы дүйнөлүк финал Екатеринбургда өткөрүлдү, анда россиялык команда чемпиондукка ээ болду. Мелдеште Беларусь Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын командалары катышышты. Global Management Challenge уюму мелдештер иш-тажрыйбасын Бирликтин башка мүчө мамлекеттерине да жайылтууну максат кылууда. «Биздин максат – ЕАЭБдин ар бир өлкөсүнөн жеңүүчү командалар болушу үчүн, студенттерди, корпорациялардын кызматкерлерин жана ишкерлерди конкурска катышууга тартуу. Андан кийин алар Global Management Challenge чемпионатынын жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык финалында катышышат. Ошондой эле, бизде ар жылы евразиялык жеңүүчү болушу үчүн, биз Евразия өлкөлөрү үчүн атайын мелдештерди уюштурууну пландаштыруудабыз», – деди Жуао Матозу Энрикеш. Ошондой эле, Тараптар 2020-жылдын январь айында Гайдар форумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мыкты командалары үчүн өзүнчө кубокту өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Жуао Матозу Энрикеш ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисянды 2020-жылдын май айында Лиссабондо дүйнөлүк чемпионаттын ачылышынын алкагында, экономикалык интеграция темасына арналган атайын талкууга катышууга чакырды. Вячеслав Шоптенко белгилеп өткөндөй, Global Management Challenge мелдешинин уюштуруучулары чемпионаттын Россиядагы уюштуруучусу РАНХиГСке ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүндө чемпионат үчүн усулдук борбор болууну сунуш кылышты. «Биз буга чейин бир нече пилоттук аракеттерди жасап көрдүк, атап айтканда, Екатеринбургда өткөрүлгөн дүйнөлүк финалда Кыргызстандын жана Беларустун командалары катышышты. Алар корпоративдик сектордун өкүлдөрү болуп, аталган мелдеште жогорку натыйжаларга жетишишти», – деди ал. Вячеслав Шоптенко 2019–2020-жылдарда ЕАЭБдин ар бир өлкөсүндө чемпионаттын толук масштабдуу улуттук баскычы гана эмес, дүйнөдөгү алгачкы атайын мелдеш – Бирликтин беш өлкөсүнүн арасында гана – ЕАЭБ кубогу да өткөрүлөт деген үмүтүн билдирди. Ал мындай мелдеш чемпионаттын ар жылдык календарына киргизилиши мүмкүн деген болжолдоосун билдирип өттү.