Жаңылыктар

19.08.2022

25-26-августта Ысык-Көлдө КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форуму өткөрүлмөкчү

2022-жылдын 25-26-августта Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух Ордо" маданий борборунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму менен учурлаш өткөрүлүүчү "Келечек" КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форуму болуп өтөт.

Форумга 200 ашуун делегаттар – Евразия экономикалык бирлигинен жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, креативдүү жаштардын өкүлдөрү, жаш дипломаттар, студенттер катышышат.

Форумдун максаты – мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана евразиялык интеграция идеясын популярдаштыруу. Форум жаштардын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө, демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, жаш муундун өкүлдөрүнүн социалдык жана кесиптик өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө багытталган.

Кесипкөй жаштардын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана КМШнын Аткаруучу комитетинин Төрагасы – Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуусу форумдун негизги иш-чарасы болмокчу деп күтүлүүдө.

Жаштар форумунун спикерлеринин арасында – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы Артём Новиков, Армения Республикасынын билим берүү, илим, маданият жана спорт министринин орун басары Артур Мартиросян, Беларусь Республикасынын билим берүү министринин орун басары Александр Кадлубай, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Наталья Бочарова, Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач, "Опора России" бүткүл Россиялык чакан жана орто ишкердик коомдук уюмунун вице-президенти Эдуард Омаров, Казакстан Республикасынын "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасынын төрагасынын орун басары Тимур Жаркенов, Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн университеттеринин ректорлору жана коомдук, ишкердик жана жаштар уюмдарынын жетекчилери.

 

Программада жаш ишкерлер үчүн тренингдер жана мастер-класстар жана төмөнкү сессияларды өткөрүү каралган: 

- "КМШнын жана ЕАЭБдин жаш лидерлери. Жаштар кадрдык резервин түзүүнүн перспективалары"; 

- "КМШ, ЕАЭБ жана Иран – Евразияда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн парадигмалары"; 

- "КМШдагы эл аралык жаштар кызматташтыгы: жаштар үчүн перспективалар"; 

- "КМШда жана ЕАЭБде жаштардын ишкердиги үчүн экономикалык интеграциянын мүмкүнчүлүктөрү"; 

- "КМШда жана ЕАЭБде жаштардын ишкердигин өнүктүрүүдө венчурдук инвесторлордун, бизнес-акселераттардын жана бизнес-периштелердин ролу"; 

- "Жаштар жана инновациялар: КМШнын жана ЕАЭБдин технологиялык өнүгүүсү үчүн көндүмдөр, кесиптер, инфраструктура"; 

- КМШнын жана ЕАЭБдин креативдүү индустриялары – экономиканын өнүгүү драйверлери, жаштардын өсүш чекиттери; 

- "Евразия жаштарын бириктирген идеялар"; 

- "Интеграцияны социалдык-гуманитардык өлчөө: КМШнын жалпы илимий-билим берүү мейкиндигинин перспективалары". 

 

Жаштар форумунун маалыматтык өнөктөштөрү: 

- "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги (КУМА) 

- SPUTNIK Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу 

- Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) 

- Биринчи радио 

- 24.kg 

- "МИР" МТРК 

- Армен-пресс МА 

- БелТА МА 

- "Хабар 24" телеканалы 

- "Казинформ" ЭМА 

 

Жаштар форумунун архитектурасы