ЕАЭБдин "Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүү продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин талаптары боюнча ишке даярдоо үчүн Евразия экономикалык бирлигинин рыногунун катышуучуларына бөлүнгөн өткөөл мезгил аяктоодо.
Эскерте кетсек, техрегламент 2023-жылдын 1-январында күчүнө кирген. ЕЭК Коллегиясынын чечими боюнча ага карата 2024-жылдын 30-июнуна чейин өткөөл мезгил каралган.
Техрегламент айыл чарба канаттууларын союу продуктуларына жана канаттуулардын этинен жасалган продукцияга жайылтылат жана аларга карата бирдиктүү терминологияны, идентификациялоо эрежелерин, коопсуздук талаптарын, өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, утилдештирүү процесстерине, маркалоого жана шайкештикти баалоого карата талаптарды белгилейт.
ЕАЭБ алкагында канаттуулардын этин жана аны кайра иштетүү продукциясын эркин жүгүртүү үчүн тоскоолдуктарды четтетүү максатында, техрегламентте анын ичинде канаттуулардын этинен иштетилбеген продукцияга суу жана тамак-аш кошундуларын киргизүүгө тыюу салуу; канаттуулардын этин эритүүдө бөлүнүп чыккан нымдуулуктун массалык үлүшүнүн ченеми; балдардын тамактануусу үчүн канаттуулардын этинен жасалган азыктарды өндүрүүдө фосфаттарды, даамын жана жытын күчөткүчтөрдү, бензой, сорбин кислоталарын жана алардын туздарын, ГМО жана пестициддер менен чийки затты пайдаланууга тыюу салуу; маркалоодо көрсөтүлгөндөрдөн азыктык баалуулуктун көрсөткүчтөрүнүн (белок, май, углеводдор, калориялуулук) иш жүзүндөгү маанилеринин жол берилген четтөөлөрү; канаттуулардын механикалык майдаланган этин иштетүүгө жана пайдаланууга талаптар ж.б. каралган.
"Техрегламентте ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизген заманбап талаптар каралган, алар чийки заттын өзгөчөлүгүн жана канаттууларды кайра иштетүү тармагынын өзгөчөлүгүн эске алат. Алар керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого жана мүчө мамлекеттерде канаттуулардын этин жана аны кайра иштетүү продукциясын өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ал эми өткөөл мезгил бизнес-коомдоштукка аларды ишке ашырууга жай жана оңой өтүүгө мүмкүндүк берди", – деп баса белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий.2024-жылдын 1-июлунан тартып канаттуулар этинин жана аны кайра иштетүү продукциясынын мурда колдонулган милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоо жөнүндө техрегламент күчүнө киргенге чейин берилген же кабыл алынган бардык документтердин колдонулушу аяктайт. Көрсөтүлгөн күндөн тартып аталган продукцияны эски документтер боюнча өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилбейт. Мында аны колдонуу белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде мүмкүн.