"COVID-19 пандемиясынын фонунда өлкөлөрүбүздүн калкын дары-дармек препараттары менен камсыз кылуу зарыл болгон шарттарда бул механизм өзгөчө актуалдуу болууда", – деп Бакытжан Сагинтаев баса белгиледи.
Мындан сырткары, 2020-жылдын 3-февралындагы Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана ЕАЭБ товарларынын чыгарылган жеринин аталыштары жөнүндө келишимди
жана ЕАЭБде корголуучу өнөр жай менчик объектилери жөнүндө маалыматтарды онлайн режимде издөөгө мүмкүндүк берген сервистерди ишке ашыруу маселелери каралды.
ЕАЭБ мамлекеттеринде контрафакттык продукцияны аныктоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжаларын эсепке алууга карата ар түрдүү мамилелердин болушуна байланыштуу отурумдун катышуучулары тийиштүү усулду даярдоонун максатка ылайыктуулугун талкуулашты.
Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитет 2012-жылдын 25-сентябрында түзүлгөн. Комитеттин курамына ЕАЭБ мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү кирет.
Комитет ЕЭК үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы сунуштамаларды даярдоо, консультацияларды өткөрүү, ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча сунуштарды даярдоо жана башка маселелер менен алектенет.