Жаңылыктар

03.03.2023 (Обновлено: 06.03.2023 16:50)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агрардык жождору селекция жана үрөнчүлүк чарбасы боюнча адистерди даярдашат

2-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын агроөнөр жай блогунун өкүлдөрүнүн жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жождорунун жетекчиликтеринин катышуусунда "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде селекциянын жана үрөнчүлүктүн азыркы абалы жана ыкмалары" биргелешкен онлайн-билим берүү курсу ачылды.

Билим берүү курсу ЕЭКтин агроөнөр жай блогунун координациялоосу алдында кызыкдар жождор тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо чөйрөсүндө өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү боюнча меморандумду ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

"ЕЭКтин агроөнөр жай блогу агрардык билим берүүнүн беделин жогорулатууга жана жаш муунда бизнестин практикалык муктаждыктарына багытталган алдыңкы көндүмдөрдү жана билимдерди калыптандырууга кызыкдар. Тармакты өзүбүз өндүргөн себүү материалдары менен камсыздоо үчүн, биздин өлкөлөрдө атаандаштыкка жөндөмдүү селекционерлерди жана үрөнчүлөрдү даярдоо маанилүү", – деп белгиледи комиссиянын агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян.

Билим берүү курсуна ЕАЭБдин төрт өлкөсүнүн беш жогорку окуу дайынын 100дөн ашык студенттери жана мугалимдери катышышат. Окуу процессинде студенттер үрөнчүлүктүн мыйзам базасынын өзгөчөлүктөрү жана Бирлик мамлекеттери үчүн бирдиктүү апробациялоо жана жер кыртышын контролдоо методикалары тууралуу билимге ээ болушат, ошондой эле өсүмдүк өстүрүүдөгү биотехнологиялык ыкмалар, вируссуз көчөт материалын алуу мүмкүнчүлүктөрү жана башка көптөгөн кызыктуу фактылар тууралуу маалымат алышат.

Биринчи лекция менен ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин бөлүм башчысы Андрей Дробышевский чыгып сүйлөп, студенттерди Евразия экономикалык бирлигиндеги үрөнчүлүктү улуттуктан жогорку жөнгө салуу маселелери жана учурдагы абалы менен тааныштырды.

Курстун темасынын актуалдуулугу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрым түрлөрүнүн үрөнүнүн олуттуу импорттук көз карандылыгы менен шартталган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үрөндөрдү ташып келүүгө жылдык чыгымдары 1 млрд АКШ долларынан ашыкты же өсүмдүк өстүрүү үчүн материалдык-техникалык ресурстарды экспорттоонун 30%ын түзөт. 2021-жылы Бирликте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнө эң жогорку чыгымдар күн карама боюнча байкалган — 268 млн долл., жүгөрү жана жашылча өсүмдүктөрү — 158 млн долл., ошондой эле кант кызылчасы боюнча — 124 млн долл. болгон. Ошол эле учурда ЕАЭБге чет өлкөлөрдөн алынып келген кант кызылчасынын үрөнүн пайдалануунун үлүшү 90%дан ашык, күн караманыкы — 60%, жүгөрү жана рапстыкы – үчтөн бир бөлүктөн ашык болуп бааланат.

 

Маалымат

Онлайн-билим берүү курсунун катышуучу-жождору — Армениянын Улуттук агрардык университети, Беларус мамлекеттик Октябрь Революциясы жана Эмгек Кызыл Туу ордендеринин айыл чарба академиясы, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, ошондой эле император Петр I атындагы Воронеж мамлекеттик агрардык университети жана Россия мамлекеттик агрардык университети — К.А. Тимирязев атындагы МАЧА.