Жаңылыктар

27.06.2023

ЕАЭБдин ташууга жана пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газына карата техрегламентине стандарттардын тизмеси актуалдаштырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Өзгөртүүлөр аталган техрегламентти колдонуу жаатындагы тиешелүү стандарттарды кабыл алууга, жаңылоого жана жокко чыгарууга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча даярдалган.

Кабыл алынган чечим изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн аттестацияланган методикасын камтыган жаңы же жаңыртылган стандарттарды колдонуунун эсебинен продукциянын көрсөткүчтөрүн өлчөөнүн натыйжаларынын аныктыгын жогорулатууга жардам берет. 

Алмаштырылуучу стандарттарга карата аларды колдонуунун өткөөл мезгили белгиленген.

Стандарттардын тизмектерин актуалдаштыруу стандарттардын актуалдуу версияларын колдонуу шарттарын түзүүгө жана улуттук стандарттардан мамлекеттер аралык стандарттарга план ченемдүү өтүүгө багытталган.