Жаңылыктар

11.05.2023

Бирликтин “Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине болгон стандарттардын тизмеги жаңыртылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин жаңыланган редакциядагы “Төмөн вольттогу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин стандарттарынын тизмелерин бекитти.


Стандарттардын тизмелерин жаңылоо продукциянын "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин ырастоодо стандарттардын учурдагы варианттарын колдонуу үчүн шарттарды түзүүгө жана аларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүүдө улуттук стандарттардан мамлекеттер аралык стандарттарга системалуу түрдө өтүүгө багытталган.

Талаптарды камтыган стандарттардын тизмеги 167 мамлекеттер аралык жана 12 улуттук стандарттарды камтыйт. Сыноо ыкмаларын камтыган стандарттардын тизмеги 174 мамлекеттер аралык жана 9 улуттук стандартты камтыйт.

Өзүнчө мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттарга карата өткөөл мезгил белгиленген.