Жаңылыктар

01.01.1970 (Обновлено: 26.09.2022 17:40)

Учурдагы реалдуулукта евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери ЕЭКте бизнес өкүлдөрү менен талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңешинин өз ара аракеттенүүсү боюнча Консультативдик кеңешинин алдындагы интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча жумушчу топтун отурумунда ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев Стратегия-2025ти ишке ашыруунун алгачкы натыйжалары жана бизнес үчүн, анын ичинде санкциялык басым шарттарында ачылган мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.

 

"Учурдагы реалдуулук Стратегия-2025ке импортту алмаштырууга, улуттук валюталарда эсептешүүлөргө өтүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, өнөр жай кызматташтыгына, ЕАЭБде кошумча нарк тизмегин түзүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга тиешелүү киргизилген иш-чараларды ишке ашыруунун зарылдыгын тастыктайт. Экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча тизмектин азыркы тапта ишке ашырылып жаткан көптөгөн чаралары Стратегия-2025тин жоболору менен тыгыз байланышкан", – деп баса белгиледи Сергей Глазьев.

Ошондой эле ал Бирликтин тышкы өнөктөштөрүнүн географиясы кеңейип жаткандыгына, ШКУ, АСЕАН, БРИКС менен кызматташтык активдештирилгендигине жана эл аралык күн тартибин ишке ашырууга бизнес-коомдоштуктардын катышуусунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
ЕЭК министри Комиссиянын 2035-жылга чейин Бирликтин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын даярдоо боюнча иши жөнүндө айтып берди, аларда ЕАЭБ алкагында стратегиялык пландаштыруу тутумун түзүү каралат. Документ ЕАЭБдин бардык мамлекеттери үчүн узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнүн келечектүү багыттарын, алардын атаандаштык артыкчылыктарынын интеграциясына жараша жана дүйнөлүк экономиканынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн эске алуу менен аныктайт.

Сергей Глазьев ишкердик коомчулугуна бул ишке кошулууну сунуштады. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бизнес-ассоциациялар Комиссияга Стратегия-2025ти жүзөгө ашыруу жана учурдагы шарттарда жана 2025-жылдан кийин Бирликти өнүктүрүү маселелери боюнча актуалдаштырылган сунуштарды жөнөтө тургандыгы жөнүндө макулдашылды.