Ведев Алексей Леонидович 1960-жылдын 15-апрелинде Москвада туулган.
1983-жылы Москва инженердик-физикалык институтунун кибернетика факультетин аяктаган. 1991-жылы Гарвард университетинин (Harvard University) "экономикада тең салмактуулук моделдерин колдонуу" курсунан өткөн. Эл аралык прикладдык системалык анализ институтунда (IIASA, Вена, Австрия) билим алган. Экономика илимдеринин доктору.
1985-1996-жылдары РИА БЭМИ улук илимий кызматкери болгон. 1993-2006-жылдары ошондой эле "Россиянын экономикалык өнүгүүсү" жана "Каржылык рыноктор" сереп" журналдарында башкы редактор болуп иштеген.
1993-2014-жылдары "Веди" аналитикалык лабораториясын жетектеген.
1996-жылы Хитоцубаси Университетинин конок профессору болгон (Hitotsubashi University, Токио, Япония). Ошол эле жылы ДиалогБанкта иштеп баштаган. Маалымат-аналитикалык башкармалыкты, андан кийин — каржы рынокторунун сатуу жана кардарларды тейлөө топтору башкармалыгын жетектеген, башкы экономист болгон.
2004-жылдан тартып үч жыл аралыгында "Өнүгүү борбору" экономикалык изилдөөлөр фондун жетектеген. 2007-жылга чейин Global Source Partners компаниясынын (Нью-Йорк, АКШ) өлкөлүк эксперти болгон.
2007-2011-жылдары Москва Банкынын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору болуп иштеген.
2011-2014-жылдары "Стратегиялык иштеп чыгуулар борбору" фондунун финансылык изилдөөлөр боюнча директору, Россиялык банктар ассоциациясынын аткаруучу вице-президенти, Е.Т. Гайдар атындагы Экономикалык саясат институтунун структуралык изилдөөлөр Борборунун директору болгон.
2014-жылдын августунан 2017-жылдын февралына чейин Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген.
2017-жылдан бери Е.Т. Гайдар атындагы Экономикалык саясат институтунун финансылык изилдөөлөр лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери жана ПЭИИ, РЭЧжМКА Структуралык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы болуп саналат. "Структуралык кайра түзүүлөрдүн жана туруктуу экономикалык өсүштүн приоритеттери" багыты боюнча РФ Президентине караштуу экономикалык кеңештин жумушчу тобунун мүчөсү.
2025-жылдын 7-апрелинде Евразия экономикалык комиссиясынын
Макроэкономикалык департаментинин директору болуп дайындалды.