Жаңылыктар

30.03.2022 (Обновлено: 13.04.2022 09:58)

Андрей Слепнёв: "Бизнестин чыгымдарын азайтуу үчүн ЕАЭБде товарлардын жаңы топторун маркалоого мораторий киргизилди"

ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёвдун жетекчилиги астында Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тутумун өнүктүрүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отуруму өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө товарлардын жаңы топторун маркалоого мораторий киргизүү жана буга чейин мүчө мамлекеттерден маркалоону киргизүү ниети жөнүндө билдирүүлөр келип түшкөн товарлар үчүн мөөнөттөрдү жылдыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунуш кылынды.

"Мүмкүн болгон мораторийдин мөөнөттөрүн иштеп чыгуу жана тийиштүү актынын долбоорун жакынкы убакытта өкмөт башчыларынын кароосуна чыгаруу жөнүндө келишкендикке жетишилди. Бардык тараптар буга чейин кабыл алынган маркалоо жөнүндө чечимдердин аракети улантыларына макул болушту", – деп белгиледи Андрей Слепнёв.
Ошондой эле, ал бул маселени кароо ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдоонун алкагында жүргүзүлүп жатат деп кошумчалады.