Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
17.06.2022

Андрей Слепнёв: "Климаттык күн тартибинин алкагында ЕАЭБдин жол картасы ушул жылы кабыл алынышы мүмкүн"

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри ПЭЭФ-2022нин алкагында өткөрүлгөн "Евразиянын негизги экономикаларында климаттык күн тартибинин актуалдуулугу" деп аталган сессиянын жүрүшүндө билдирди.

"Климат темасы өткөн форумда негизгилерден болгон. Бүгүн бизде, албетте, басым башка нерсеге жасалууда, бирок технологиялык өтүү эч жакка кеткен жок. Бул эки трендди кантип айкалыштырууну түшүнүү зарыл", – деп белгиледи ал.
 

Андрей Слепнёв ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жакында эле тийиштүү билдирүүнү кабыл алып, анда климат чөйрөсүндөгү негизги процесстерге дал Бирлик катары кошулуу зарылчылыгына негизделген мамилелерди так белгилегендигин эске салып өттү. "Бир жагынан, мамлекеттер улуттук деңээлде кабыл алган чыгындылар боюнча милдеттенмелерди кабыл алгандыгын, экинчи жагынан, биздин Бирлик бирдиктүү рынокко негизделгендигин түшүнүү менен, технологиялык трансформация сыноолоруна тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү пайда кылуусуз жооп берүүнү камсыз кылышыбыз зарыл", – деп Андрей Слепнёв түшүндүрдү.
Бирдиктүү рыноктун иштөөсү иш-чаралардын биринчи пакетине (жол картасына) кирет. Ошондой эле, көмүртек бирдиктеринин чек ара аралык өткөрүлүшү маселелери да талкууланууда. Техникалык жөнгө салуу жаатындагы маселелерди чечүү зарыл: ЕАЭБ салттуу ичинен күймө кыймылдаткычтары бар автомобилдерди рынокко киргизүүгө байланыштуу позициясын эмдигиче билдирбеген ири рыноктордун бири бойдон калууда.
"Албетте, негизги элемент – бул энергетикалык өтүү үчүн тармактар боюнча, мөөнөттөр боюнча түрткүлөрдү жаратууга тийиш болгон, макулдашылган же координацияланган тарифтик-фискалдык чаралар. Жана, албетте, учурдагы окуялардын контекстинде жаңы технологиялык тартиптеги өндүрүш үчүн кооперация чөйрөсүндө олуттуу потенциал бар", – деп ЕЭКтин соода боюнча министри улантты.
Андрей Слепнёвдун айтуусу боюнча, бизнес өзүнүн ар бир чөйрөсүндө ишке ашырып жаткан көптөгөн кызыктуу долбоорлор бар. Комиссия олуттуу компаниялар ишке ашырып жаткан жүздөн ашуун демилгелерди чогултту, жана ал компаниялар аларды Бирликтин ичинде да, үчүнчү өлкөлөрдө да кайрадан киргизүүгө даяр.
Дагы бир тема – каржылык ресурс, деп ЕЭКтин соода боюнча министри корутундулады.

Сессиянын ишине "Сбербанктын" ESG боюнча ага вице-президенти Татьяна Завьялова, "Астана" Эл аралык каржылык борборунун башкаруучусу Кайрат Келимбетов, РФтин Каржы министрлигинин ИИКИнин Макроэкономикалык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Самвел Лазарян, Борбордук Азия Регионалдык экологиялык борборунун аткаруучу директору Зафар Махмудов, ВЭБ.РФтин ага банкири Сергей Сторчак, РФтин экономикалык өнүгүү министринин биринчи орун басары Илья Торосов, Социалдык жана экологиялык жоопкерчилик, корпоративдик башкаруу жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча улуттук альянстын башкы директору Андрей Шаронов, Москва өкмөтүнүн министри Кирилл Пуртов, РФтин Федералдык токой чарба агенттигинин жетекчиси Иван Советников катышышты. Талкуунун модератору М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин экономика факультетинин Салык саясаты борборунун директору Кирилл Никитин болду.