Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
20.06.2025

Андрей Слепнев: "Климаттык долбоорлордун жыйынтыктарын эсепке алуу менен көмүртектин изин компенсациялоо принциби боюнча рыноктук-фискалдык тутумду түзүүгө болот"

Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев ЕЭК тарабынан Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2025 алкагында өткөрүлгөн "Эл аралык соода жана климаттык жөнгө салуу: БРИКС, ШКУ, ЕАЭБ жана АТЭК үчүн тоскоолдуктарсыз чечимдер" сессиясында билдирди.

"Тутум көмүртектин изин тастыктоого жана анын компенсациясына негизделиши мүмкүн, бул индустриялаштырылган экономикалар үчүн коромжулардын жогорулашын жана климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн мындай коромжулардын азайышын билдирет", – деп түшүндүрдү ЕЭК министри.

Андрей Слепнев белгилегендей, климаттык чөйрөдөгү улуттук жөнгө салуу соода тоскоолдугуна айланбашы үчүн эл аралык чоң координация керек. ЕАЭБге байланыштуу зарыл чаралар "Евразия экономикалык жолу" декларациясында каралган. Алардын аркасында климаттык күн тартиби экономикалык өнүгүүнү басаңдатпастан, анын кыймылдаткычы болушу керек.

Ошондой эле ЕЭК министри "Энергетика секторунун капиталы: өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн натыйжалуу чечимдерди издөө" сессиясына катышып, анда жашыл долбоорлорго, нетто-нөлдүк чыгындылары менен долбоорлорго жана транзиттик/өтмө технологияларга инвестициялардын акылга сыярлык айкалышы гана технологиялык трансформацияны да, ошондой эле экономикалык өсүштүн татыктуу темптерин камсыз кылуу менен рационалдуу мамилени калыптандыра аларын баса белгиледи.

Форумдун алкагында Андрей Слепнев Тунис Республикасынын экономика жана пландоо министри Самир Абдельхафид менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады. Эске салсак, 2025-жылдын январында тараптар Тунис менен ЕАЭБдин эркин соода жөнүндө макулдашуусун түзүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө боюнча биргелешкен изилдөө тобун түзүшкөн.

Мындан тышкары, ЕЭКтин соода боюнча блогунун башчысы "Озон Холдингдин" башкы директору Дмитрий Ким жана "Wildberries" негиздөөчүсү Татьяна Ким менен жолугушууларды өткөрдү, аларда ЕАЭБде электрондук сооданы жөнгө салуу, ошондой эле маркетплейстердин жаңы келечектүү чет өлкөлүк рынокторго чыгышы мүмкүндүгү темалары козголду.