Жаңылыктар

19.04.2024

Андрей Слепнев Кытай темир жолдорунун жетекчилиги менен жүк ташууларды санариптештирүү жана "Евразиялык агроэкспресс" долбоорун кеңейтүү боюнча программаны талкуулады

Евразия экономикалык бирлиги менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комиссиянын төртүнчү отурумунун алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун "Кытай темир жолдору" мамлекеттик компаниясынын башкы директору Го Чжусе менен жолугушуусу болуп өттү.

ЕАЭБ-КЭР соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жол картасын темир жол менен жүк ташууларды санариптештирүү бөлүгүндө ишке ашыруу талкууланды. Тиешелүү бөлүмдүн иш-чаралары каралган мөөнөттөргө ылайык ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди. Атап айтканда, тараптар жалпысынан темир жол ташуучулардын ортосунда электрондук маалымат алмашууда маалыматтардын сапатынын жана толуктугунун жогорку деңгээлине жетишишти.

"Азыркы учурда темир жол компанияларынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыга турган келишимдер жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат. Ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн жаңы келечектүү багыттарын карап жатабыз", – деп белгиледи Андрей Слепнев.

Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин КЭР рыногуна жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясынын жеткиликтүүлүгү маселелерин, ошондой эле "Евразиялык агроэкспресс" долбоорунун алкагында логистикалык каттамдарды кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү тыкыр талкуулашты.

 Айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрүн үзгүлтүксүз өз ара жеткирүүнү, ошондой эле азиялык жана европалык багыттарында экспорттук жеткирүүлөрдү өнүктүрүү максатында "Евразиялык агроэкспресс" тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин биргелешкен долбоорун ишке ашыруу жөнүндө демилге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 25-февралындагы № 3 тескемеси менен колдоого алынган.

2023-жылы "Евразиялык агроэкспресс" менен ташуулардын жалпы көлөмү 450 миң тоннадан ашкан. Мында жүк базасынын негизги номенклатурасын май-тоң май, мөмө-жемиш жана консервалык, дан-буурчак продукциясы, ошондой эле тооктун эти жана уйдун эти түзгөн.

Учурда долбоордун негизги транспорттук багыты Кытай болуп саналат.