"Сүйлөшүүлөрдүн бул раундуна чоң маани беребиз, анткени ал белгилүү бир мааниде аныктоочу раунд болушу мүмкүн. Негизги маселе – импорт алымдарын өз ара төмөндөтүү параметрлери, ошондой эле макулдашуунун долбоорунун аяккы текстин даярдоо боюнча бир кыйла алга жылабыз деген үмүттөбүз", – деп Андрей Слепнёв баса белгиледи.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Евразия экономикалык бирлигинде Египеттеги Россия өнөр жай аймагы долбооруна чоң көңүл бөлүнүүдө. Долбоорго Россия Федерациясынын гана эмес, ЕАЭБдин бакша мамлекеттеринин да компаниялары кызыгуусун билдирүүдө. "Келечекте Беларустун, Казакстандын жана Бирликтин башка өлкөлөрүнүн ишканалары аталган аймактын резиденттери болоруна ишенем", – деди Андрей Слепнёв.
Аягында министр Египеттин кызматка жакында дайындалган соода жана өнөр жай министри Ахмед Самир Салех менен ушул жылдын аягына чейин жеке жолугушуу өткөрүүгө кызыкдарлыгын тастыктады. Тараптар мунун майда-чүйдөсүн сүйлөшүүлөрдүн кийинки раундунун аягына чейин макулдашуу жөнүндө келишишти.