Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев "Россия экспорттук борбору" АК (РЭБ) уюштурган "Россияда жасалган 2023" эл аралык экспорттук форумунун алкагында "ЕАЭБ соода-экономикалык өз ара иштешүүсүнүн жаңы архитектурасы" сессиясынын жүрүшүндө билдирди.
"Биз ЕАЭБди түзүүнүн үстүндө иштеп жатканда, ЕБнын тажрыйбасын изилдегенбиз. Европалыктардын өздөрү алардын Бирлиги - "жакшы аба ырайына" карата түзүлгөн Бирлик деп айтышкан. Ал эми азыр биз, биздин Евразия экономикалык бирлиги, - "бардык аба ырайына, анын ичинде анча жакшы эмес аба ырайына" туруштук берүүчү Бирлик экенин көрүп турабыз", - деп министр белгилеп өтүп, ошондой эле COVID-19 пандемиясына жана мүчө мамлекеттерге карата экономикалык санкцияларга байланыштуу ийгиликтүү туруштук берилгенин баса белгиледи.
Бирок, жакынкы келечекте, анын айтымында, баарыбызды жаңы көп полярдуу дүйнөдө позициялоо менен байланышкан дагы чоң сыноолор күтүп турат. Ал эми анда Евразия экономикалык бирлиги туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү орунду ээлеши керек.
"Экинчи чакырык - өнөр жай революциясы, климат, технологиялар, жаңы экономика, ошондой эле ага байланыштуу бардык нерселер. Бул чындыгында эле жүз жылга перспективаны аныктайт. Бул жерде, Бирликте жана ага кирбеген башка өнөктөштөрүбүз менен иштегенге мүмкүндүк бере турган чечимдерди табышыбыз керек", - деп улантты Андрей Слепнев. Буга байланыштуу ал азыр эл аралык сооданын эрежелери кайра каралып жатканын эске салды. Климат жана чек араны жөнгө салуу жагында тарифтик тоскоолдуктар, ошондой эле башка өлкөгө өз товарларын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн тастыктоолор болушу керек же сертификациядан өтүшү керек болгон тарифтик эмес тоскоолдуктар кайрадан талкууланып жатат, жана бардык процесстер ар кандай эрежелер жана стандарттар боюнча жүрөт.
"Албетте, дүйнө жүзүндөгү досторубуз менен өнөктөштүктөгү милдет – жаңы тоскоолдуктар жана жаңы бөлүүчү линиялар пайда болбошу үчүн бул багытта жигердүү иштөө. Бул биз нормалдуу соодалашып жана нормалдуу өнүгүшүбүз үчүн керек", - деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри.
Үчүнчү чакырык катары, ал адамдар жана чакан ишканалар өз кызыкчылыктарын көбүрөөк билдирип, өнүгүүгө көбүрөөк катышып жаткан мамилелердин жаңы тутумуна өтүүнү баса белгиледи. Андрей Слепневдун пикири боюнча, адамдар менен баарлашуу маселесин чечүү керек, ансыз колдоо болбойт, ал эми колдоосуз - кыймыл болбойт.
"Биз Бирлик катары практикалык планда эмне кыла алабыз. Чакан жана орто ишканалардын кызматташуусунун евразиялык программасы - бул абдан керектүү программа болмок жана ал азыр талкууланып жатканы жакшы", – деп билдирди министр.
Евразиялык интеграциянын контекстинде электрондук сооданын тармагы өзгөчө орунду ээлейт. Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин маркетплейстеринде Беларустун, Казакстандын, Армениянын жана Кыргызстандын товарларынын үлүшү 50%ды түзөт. Ошол эле учурда электрондук соода рыногунун жалпы көлөмү учурда – 90 млрд доллар, ал эми маркетплейстердеги компаниялардын 90%ы - чакан жана орто ишкердиктин компаниялары. Бул сегментти өнүктүрүп жана учурдагы көйгөйлөрдү чечүү керек.
Тышкы соода маселелери боюнча Андрей Слепнев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Чоң Евразиялык өнөктөштүк боюнча көрсөткөн тезиси актуалдуу бойдон кала берерин белгиледи. "Ошол эле учурда биз Чоң Евразиялык өнөктөштүк бирдей эмес экенин көрүп турабыз. Анын бир нече багыты бар. Европа менен багыт - убактылуу деп ишенем - азырынча басаңдаган стадияда. Бирок биздин "Түндүк - Түштүк" коридору боюнча абдан келечектүү багытыбыз бар", - деп түшүндүрдү ЕЭКтин соода боюнча министри.
Ошону менен бирге, анын пикири боюнча, бул жерде жөн гана транспорттук эмес, толук кандуу экономикалык коридорду түзүү жөнүндө сөз кылуу керек. Транспортчулар да, өнөр жайчылар да бир столдо отуруп, технологиялык эгемендүүлүк, кооперацияларды жана логистиканы түзүү маселелерин талкуулашы үчүн көп тармактуу диалог зарыл.
Кытай менен өнөктөштүк жөнүндө айтып жатып, Андрей Слепнев учурдагы жагдайды олуттуу түшүнүү зарыл экенин айтты. Өткөн жылы Кытай менен сооданын өсүшү 30%ды түзсө, быйыл 27%га жакынды түзүүдө. "Бирок бизди кээ бир нерселер, биринчи кезекте, Европа менен болгон мамилебизди көп жагынан кайталаган соода түзүмү тынчсыздандырат. Ошол эле учурда биз өзүбүздүн дараметти көрүп турганыбыз маанилүү: Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын көпчүлүгү Кытайда жакшы перспективага ээ. Аны өнүктүрүү керек", - деп толук ишенет ЕЭК министри.
Анын айтымында, ЕАЭБ азыркы учурда КЭР менен кызматташуунун жаңы конфигурациясынын мүмкүнчүлүктөрүн баалап жатат, аны тереңдетүүнүн ар кандай сценарийлерин, анын ичинде сооданы жарым-жартылай либералдаштыруу сценарийин изилдөөдө. Министрдин айтымында, Кытай стратегиялык өнөктөш болуп саналат, ал эми соода-экономикалык кызматташтык боюнча учурдагы келишим менен Бирликке жана Кытайга берилген алкак өнүгүүнү талап кылат.
Сессиянын ишине ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, ЕЭК Кеңешинин төрагасы Алексей Оверчук, Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян, "Северсталь" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Мордашов, Беларусь Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дмитрий Крутой, Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Казем Джалали катышышты.
Талкуунун модераторлору ЖЭМ УИУнун дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин Комплекстүү европалык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун илимий жетекчиси; "Валдай клубунун" программалык директору Тимофей Бордачев жана РЭБ экспорттук саясат жана талдоо боюнча директору Михаил Снег болушту.