Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
01.04.2024

Индиядан алынып келген графиттелген электроддорго карата демпингге каршы алым беш дылга узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Индиядан алынып келинүүчү графиттелген электроддорго карата демпингге каршы алымдын аракетин 2029-жылдын 31-мартына чейин кошо алганда узартты.

"Чечим Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан 2023-жылдын 17-майында Евразия экономикалык бирлигинен өндүрүүчүнүн арызынын негизинде, колдонуудагы чаранын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу башталган демпингге каршы кайра иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынды", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Индиядан алынып келүүчү графиттелген электроддорго карата демпингге каршы алым 2018-жылы белгиленген. Чендердин өлчөмдөрү азыркы учурда HEG Limited үчүн бажы наркынын 16,04%ын жана Graphite India Limited жана графиттелген электроддордун башка өндүрүүчүлөр үчүн бажы наркынын 32,83%ын түзөт. Антидемпингге чаранын аракети кайта иликтөө жүргүзүү мезгилине узартылды.