Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы КЭРде жана Малазияда өндүрүлгөн муздак калыптанган түтүктөргө демпингге каршы алымды 2024-жылдын 5-мартына чейин кошо алганда узартты.
Колдонуудагы чаранын мөөнөтү 2023-жылдын 11-декабрында бүтүшү керек болчу. Анткен менен ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин дарегине арыз келип түшкөн, аны кароонун натыйжалары боюнча 2023-жылдын 6-мартында демпингге каршы кайра иликтөө башталган.
"ЕАЭБдин ченемдик базасында аракеттеги демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтүн кайта иликтөөнү жүргүзүү мезгилине узартуу каралган, ал эми аталган кайта иликтөө ал башталган күндөн тарта 12 айдын ичинде аякталууга тийиш", - деп эскертишти ЕЭКтин соода блогунда.
Маалымат
КЭРде өндүрүлгөн муздак калыптанган тигишсиз түтүктөргө карата демпингге каршы алым 2013-жылы бажы наркынан 19,15% өлчөмүндө аныкталган. 2017-жылы чаранын таасири Малазияга жайылтылган, ал эми 2018-жылы дагы беш жылга узартылган.