Жаңылыктар

28.07.2022

Арзыбек Кожошев жана Виктор Каранкевич ЕАЭБдин жалпы энергетика рынокторунун иштөө эрежелерин даярдоону аягына чыгаруу зарылчылыгын белгилешти

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 27-июлда Белорус атомдук электр станциясына иш сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын энергетика министри Виктор Каранкевич менен Евразия экономикалык бирлигинин жалпы энергетика рынокторунун түзүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

"Энергетика рынокторун түзүүнүн негизги маселелери боюнча өз ара кабыл алынуучу чечимдерди иштеп чыгуу маанилүү. Бул кабыл алынып жаткан документтерди иш жүзүндө ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жана жалпы рыноктордун иштеп баштоосуна даярдыкты камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деди ЕЭК министри.

Арзыбек Кожошев тараптардын макулдашыбаган маселелеринин болушу документтерди кабыл алууну басаңдатып, жалпы энергетика рынокторунун белгиленген мөөнөттөрдө иштеп баштоосун камсыз кылууга мүмкүндүк бербей жатат деп белгиледи. Тараптар макулдашылбаган маселелерди жөнгө салуунун мүмкүн болгон жолдору жөнүндө пикир алмашышты.

"Жалпы энергетика жана газ рынокторун түзүүнүн негиз болуучу нормаларын жана эрежелерин даярдоону жакынкы убакытта аяктоо үчүн ыйгарым укуктуу органдардын позицияларын жакындатууга жана консенсуска жетишүүгө ыкылас коюу керек деп эсептейм", – деп баса белгиледи ал. 
Ошондой эле, ЕЭК министри макулдашылбаган маселелер боюнча чечимдерди издөө бир кыйла жогору деңгээлде, мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда улантылат деп кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Арзыбек Кожошев Виктор Каранкевичти Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин ушул жылдын августунда өткөрүлүүчү кеңешмелерине жеке катышууга чакырды жана пландаштырылган сүйлөшүүлөр конструктивдүү мүнөздө өтүп, бардык катышуучулар үчүн алгылыктуу болгон чечимдерге чыгууга мүмкүндүк берет деген үмүтүн билдирди. 

Эске сала кетсек, ЕАЭБдин энергетика рыноктору 2025-жылдан тарта иштеп баштоого тийиш. Жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимге ушул жылы кол коюлушу мүмкүн.