Жаңылыктар

20.09.2022 (Обновлено: 26.09.2022 16:44)

Арзыбек Кожошев Россия Федерациясынын энергетика министри Николай Шульгинов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана Россия Федерациясынын энергетика министри Николай Шульгинов электр энергиясынын, газдын, мунайдын жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле газ жана мунай боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоонун жүрүшүн талкуулашты.
Иш-чара Москвада Россия Федерациясынын Энергетика министрлигинде болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Арзыбек Кожошев мунай-газ тармагындагы эл аралык келишимдерди тез арада кабыл алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ал энергоресурстардын жалпы рынокторун түзүү жөнүндө эл аралык келишимдерди даярдоодо Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээлин белгиледи.


Маалымат

ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы отурумунда Бирликтин газ, мунай жана мунай өнүмдөрү жалпы рынокторун түзүү жөнүндө эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоонун жүрүшү жана алар боюнча пикир келишпестиктер жөнүндө маселелерди кароо пландаштырылат.