ЕАЭБ өлкөлөрүнүн КМШ боюнча өнөктөштөр – Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, ошондой эле Кытай, Индия, Иран жана Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия, Латын Америка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн эл аралык тректеги жаңы мүмкүнчүлүктөр жаңы соода рынокторунун калыптанышына, соода каттамдарынын жана транспорттук коридорлордун трансформациясына байланыштуу ачылууда. Бул туурасында энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев 12-сентябрда Ташкентте транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушууда билдирди.
"Транспорт жана логистика маселелери бүгүнкү күндө ЕАЭБде да, анын чегинен тышкары да өзгөчө мааниге ээ болууда. Жүк агымынын Чыгышка жана Азияга бурулушун эске алуу менен "Түндүк – Түштүк", "Европа – Батыш Кытай", "Жаңы Жибек Жолу", Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту коридорлору жаңы мааниге ээ болууда", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Арзыбек Кожошев ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан бекитилген евразиялык транспорттук коридорлордун жана каттамдардын тизмеси жөнүндө эске салып өттү, ошондой эле өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмесин кабыл алышканын, ага 7 долбоор киргенин белгиледи. Азыркы учурда аны актуалдаштыруу маселеси иштелип чыгууда.
ЕЭК министри белгилегендей, Өзбекстан ЕАЭБге караштуу байкоочу өлкө болуу менен, Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин отурумдарына жигердүү катышып келет, анда жогоруда көрсөтүлгөн маселелер иштелип чыгып, транспорт чөйрөсүндөгү интеграциянын негизги багыттары аныкталат.
Илхом Махкамов Өзбекстандын Евразия мейкиндигиндеги транспорт чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерге катышуусунун стратегиялык маанилүүлүгүн ырастады, ошондой эле Өзбекстандын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү Комиссиянын транспорттук блогунун аянтчаларындагы иштерге катышуусун активдештирүүгө даярдыгын билдирди.
Өз кезегинде Арзыбек Кожошев Илхом Махкамовду ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жолугушуусуна катышууга чакырды.
Жыйынтыгында ЕЭК министри Комиссия ЕАЭБдин жана ШКУнун транспорт министрлеринин биргелешкен жолугушуусун өткөрүү демилгеси менен чыкканын белгиледи. Өзбекстандын транспорт министри бул сунушту колдоп, быйыл ноябрь айынын башында Ташкент шаарында өтө турган ШКУнун транспорт министрлеринин конференциясына катышууга чакырды.