Жаңылыктар

12.07.2024

Арзыбек Кожошев GEIDCO жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

11-июлда Нью-Йоркто (АКШ) ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Глобалдык энергетикалык биригүү жаатында өнүгүү жана кызматташтык уюмунун (GEIDCO) эл аралык кызматташтык боюнча ыйгарым укуктуу директору — жетекчиси Чень Чжицзян менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясы менен GEIDCO ортосунда энергетика чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, ЕАЭБ өлкөлөрүндө таза жана альтернативдүү энергия булактары жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго GEIDCO’го кирген уюмдар тарабынан консультациялык жардам көрсөтүү жана коштоо мүмкүнчүлүгү сыяктуу темалар талкууланды. Тараптар ошондой эле окутуу тренингдеринин жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында "бешилтик" өлкөлөрүнүн адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн жана туруктуу энергетикага өтүү жана аз көмүртектүү өнүгүү максаттарына жетүү менен байланышкан башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун аягында ЕЭК министри Чень Чжицзянды ушул жылдын күзүндө Ереванда (Армения Республикасы) өтө турган Евразия экономикалык форумунун алкагында энергетика боюнча сессияга катышууга чакырды.

Пекинде туруктуу кеңсеси бар глобалдык энергетикалык системаларды бириктирүү тармагында өнүктүрүү жана кызматташуу уюму (GEIDCO) дүйнө жүзү боюнча энергетиканы туруктуу өнүктүрүү менен алектенген кызыкдар фирмалардын, бирикмелердин, мекемелердин жана жеке жактардын эл аралык уюму болуп эсептелет.