Энергоресурстар чөйрөсүндө евразиялык интеграциянын перспективаларын Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 6-9-февралда Панажи шаарында (Гоа, Индия Республикасы) өтүүчү "Индия энергетикалык жумалыгы-2024" эл аралык форумунда билдирди.
ЕЭК министри форумда Евразия экономикалык бирлигин жана анын туруктуу иштеп жаткан жөнгө салуучу органы – Евразия экономикалык комиссиясын тааныштырды. Ал дүйнөлүк энергетикадагы учурдагы кырдаалга жана анын Бирликтин энергетика чөйрөсүнө тийгизген таасирине кыскача токтолду, ошондой эле форумдун катышуучуларын Бирликтин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторун түзүү бөлүгүндө энергетика чөйрөсүндө ЕЭК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.
Өз сөзүндө Арзыбек Кожошев энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу, энергетиканы декарбонизациялоо жана ЕАЭБ алкагында биргелешкен төмөн көмүртектүү технологияларды киргизүү зарылчылыгы боюнча кырдаалды белгиледи.
"Жаңыланма энергияны, төмөн эмиссиондук (атомдук жана суутектик) энергияны өнүктүрүү, ошондой эле көмүртектик нейтралдуулукка жетишүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери биздин алдыбызда турган милдеттердин тизмесине кирет. Ошол эле учурда ЕАЭБде көрсөтүлгөн багыттарды ишке ашыруу үчүн бардык өбөлгөлөр бар", – деп эсептейт ЕЭК министри.
Форумдун аянтчасында Арзыбек Кожошев Индия Республикасынын Өкмөтүнүн мунай жана жаратылыш газы, турак жай чарбачылыгы жана шаар иштери министри Хардип Сингх Пури менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК министри климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө Индиянын энергетикалык тармагын диверсификациялоо бөлүгүндөгү жетишкендиктери, туруктуу экономикалык өнүгүүгө жана ушул глобалдык максатка жетүүдө прогресске умтулуу менен таанышты.
"Индия дүйнөдө көлөмү боюнча үчүнчү орунда турган жана тез өнүгүп жаткан энергетикалык рынок, эң тез өнүгүп жаткан ири экономика жана мунайды кайра иштетүүчү кубаттуу борбор экенин эске алуу менен, бул иштин маанисин ашыра баалоо кыйын", – деп баса белгиледи евразиялык министр.
Талкуунун жүрүшүндө таза энергия булактары жаатындагы программаларды биргелешип өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди, алар биздин мамлекеттердин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн климаттык тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет.
ЕЭК министри ошондой эле заманбап транспорттук агымдар Түштүк-Чыгыш Азияга жана Чыгышка карай багыт алганын, глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн шарттарында транспортту өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгонун, бул кургактагы жана деңиз каттамдарынын туруктуулугун камсыз кылаарын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министрлер Индия Республикасы менен Евразия экономикалык бирлигинин ортосунда энергетика чөйрөсүндө жемиштүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө ишенимдерин билдиришти. ЕЭК министри өз кезегинде кесиптешин ар жылдык Евразия экономикалык форумуна чакырды.