Евразия экономикалык бирлигинин иштөө принциптери, макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу, ошондой эле интеграциялык бирикменин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркуловдун 15-апрелде Россия экономикалык мектебинин (РЭМ) угуучулары менен болуп өткөн жолугушуусунун негизги темалары болду.
ЕАЭБ жөнүндө келишимди практикалык ишке ашыруу жөнүндө айтып жатып, Аскар Джаппаркулов "Комиссия тарабынан Бирлик мамлекеттеринин макроэкономикалык туруктуулугун камсыздоого жана экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу көрсөткүчтөрдүн сандык маанилерин сактоого багытталган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында олуттуу тажрыйба топтолгонун" белгиледи.Ал ыйгарым укуктуу органдар жана Комиссия тарабынан иштелип чыккан сунуштамалар жана биргелешкен чаралар бюджеттик жана карыздык туруктуулукту камсыз кылууга, инфляциялык процесстердин төмөндөшүнө өбөлгө түзгөнүн жана Бирликте экономикалык туруктуулукка оң таасирин тийгизгенин кошумчалап өттү.
"Комиссия макроэкономика жаатында жаш жана келечектүү адистерди күтөт. Эл аралык уюмда иштөө макроэкономикада өзүнүн теориялык билимдерин колдонууга гана эмес, ошондой эле көп улуттуу жана ар кыл маданияттар айкалышкан чөйрөдө коммуникациянын уникалдуу тажрыйбасын алууга, ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин чечүү үчүн экономикалык дипломатиянын инструменттерин практикада колдонууга мүмкүндүк берет", — деп Аскар Джаппаркулов РЭМ студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн Комиссиядагы карьералык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып жатып баса белгиледи.