Бахыт Султанов 2003-жылдан 2006-жылга чейин Казакстан Республикасынын экономика жана бюджеттик пландаштыруу боюнча вице-министри болуп иштеген. 2006-2007-жылдары – Статистика боюнча агенттиктин төрагасы, финансы боюнча вице-министр, Казакстан Республикасынын экономика жана бюджеттик пландаштыруу министри.
2010-2013-жылдар аралыгында Президенттин жардамчысы, Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары кызматын ээлеген.
2013-жылдан 2018-жылга чейин – Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары жана Казакстан Республикасынын финансы министри.
2018-2022-жылдар аралыгында Астана шаарынын акими, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри, Казакстан Республикасынын Премьер- министринин орун басары - соода жана интеграция министри кызматтарын ээлеген.
Ыраазычылык каттар менен сыйланган, "Курмет" (2006-ж.), "Парасат" (2012-ж.), III даражадагы "Барыс" (2021-ж.) ордендеринин кавалери.