Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
28.03.2025

Бакытжан Сагинтаев: "Комиссия ЕАЭБдин мыкты технологиялык чечимдер менен толтурулган бирдиктүү санариптик мейкиндигин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин Эл аралык экономикалык форумунун "Чоң Евразия өнөктөштүгүн өнүктүрүү үчүн жаңы импульстар. Илимий-технологиялык жана инновациялык кызматташтык" пленардык отурумуна катышты.


Иш-чаранын катышуучулары менен саламдашуу сөзүндө Бакытжан Сагинтаев Форумдун пленардык сессиясынын тематикасынын бардык өлкөлөр, анын ичинде Евразия экономикалык бирлиги үчүн актуалдуулугун белгиледи.

Илимий-технологиялык жана инновациялык өнүгүү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикаларынын андан ары өсүшүнүн натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат. Евразиялык "бешилтиктин" бардык мүчө-мамлекеттеринде прогрессивдүү илимий-технологиялык өнүгүүнү камсыз кылган стратегиялык жана программалык документтер бекитилген.

Улуттуктан жогорку деңгээлде ЕАЭБди дүйнөлүк экономикалык мамилелердин архитектурасына киргизүү, экспортту көбөйтүү, инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча милдеттер чечилүүдө. Евразия экономикалык комиссиясы иштеп баштаган мезгил аралыгында үчүнчү өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу жөнүндө жүзгө жакын меморандумга кол коюлган, бул тажрыйба алмашууга, анын ичинде алдыңкы инновациялык иштеп чыгуулар жагында тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.

"Экономиканын бардык чөйрөлөрүндө санариптик трансформациянын жогорку темптерин эске алуу менен Комиссия мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жарандардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатат, – деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын башчысы. – Биздин милдет – бардык процесстерди тезирээк, ыңгайлуу жана коопсуз кылуу. Технологиялык чечимдерди ишке ашыруунун негизин Digital Union концепциясы түзөт".

Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБ алкагында интеграцияланган маалыматтык тутумунун ийгиликтүү иштеши жөнүндө айтып берди. Анын өнүгүшү улуттуктан жогорку инфраструктураны калыптандырат, ал беш түрдүү тутумдун бир экотутумда болушуна мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда санариптештирүү экономиканын бир катар тармактарында динамикалуу өнүгүүдө. Транспорт тармагында көрүлүп жаткан чаралар Бирликтин алкагында туруктуу транспорттук-логистикалык каркасты түзүү менен ташуулардын "тигишсиздигин" камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Энергетикада эң маанилүү милдеттердин бири – электр энергиясын өндүрүү түзүмүн диверсификациялоо. АӨК чөйрөсүндө илим сыйымдуу товарларды өндүрүү боюнча кызматташтыкты андан ары жөнгө салуу келечектүү болуп саналат.

Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, илимий-техникалык прогресстин алдыңкы жетишкендиктерин инновациялоо жана тездетилген өздөштүрүү ар бир улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу деңгээлде аныктайт. Бул милдетти ишке ашырууга интеграциялык түзүмдөрдүн диалогу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү өбөлгө түзөт.