ЕЭКтин жаңы министринин Казакстандын мамлекеттик бийлик органдарында олуттуу жетекчилик иш тажрыйбасы бар.
Буга чейин Жамбыл облусунун акиминин орун басары, Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча агенттигинин төрагасы, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Канцеляриясынын жетекчиси, Павлодар облусунун акими, Казакстан Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, "Нур Отан" элдик демократиялык партиясынын төрагасынын биринчи орун басары, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары, Казакстан Республикасынын Премьер-министри, Казакстан Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси, Алматы шаарынын акими кызматтарын ээлеген.