03.02.2025
Бакытжан Сагинтаев Ненад Попович менен 2025-жылга карата биргелешкен иш-чараларды талкуулады
3-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевдин жана Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлиги менен мамилелерди өнүктүрүүгө жооптуу министри Ненад Попович менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болуп, колдонуудагы эркин соода жөнүндө макулдашуунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрү менен Сербиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды.
Аталган Макулдашууга ылайык түзүлгөн Биргелешкен комитеттин биринчи отурумун даярдоонун жүрүшү, ошондой эле 2025-жылдагы башка жогорку деңгээлдеги иш-чаралар каралды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтык үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүнү шартташты.
Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тарабынан Сербия Республикасынын ортосундагы эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга 2019-жылдын 25-октябрында кол коюлган жана 2021-жылдын 10-июлунда күчүнө кирген.