Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Президентин шайлоолордогу жеңиши менен куттуктады.
"Сиздин мамлекетти жетектөөдөгү көп жылдык жемиштүү тажрыйбаңыз мындан ары да Беларусь Республикасынын экономикалык жетишкендиктерине, евразия континентиндеги интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ишенем", – деп айтылат куттуктоо катында.
ЕЭК Коллегиясынын башчысы Александр Лукашенкого чың ден-соолук жана анын жооптуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Беларустун элине — бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.