Жаңылыктар

25.10.2024

Бакытжан Сагинтаев Касым-Жомарт Токаевди Республика Күнү менен куттуктады

Бүгүн Казакстанда Республика Күнү белгиленип жатат.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди улуттук майрамы менен куттуктады.

Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, Казакстан Президенти ишке ашырып жаткан реформалардын аркасында республика социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү жылып, регионалдык жана жалпы дүйнөлүк күн тартибиндеги маселелерди чечүүдө алдыңкы ролду ойноп келет.

"Казакстан Республикасынын демилгелери Евразия экономикалык бирлигинин алкагында конструктивдүү диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана интеграциялык бирикмеге болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук ишке ашыруу үчүн күчтүү импульс берет", – деп айтылат куттуктоо катында.
Бакытжан Сагинтаев Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан Касым-Жомарт Токаевге чың ден-соолук, ал эми Казакстан элине — гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады.