Бүгүн Иранда Ислам революциясынын күнү белгиленип жатат.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкианды жана бүткүл иран элин жалпы улуттук майрамы менен куттуктады.
"ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Ирандын ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү мындан ары да биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн тереңдей берет деп ишенем", – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы куттуктоо катында.
Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Иранга гүлдөп өнүгүүнү жана бакубатчылык каалады.