Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Олжас Бектеновду Казакстан Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалгандыгы менен куттуктады.
"Сиздин дайындалышыңыз өлкөнүн жетекчилиги тарабынан жогорку ишенимдин далили болуп саналат, – деп айтылат куттуктоо катында. – Өкмөт башчылыгындагы Сиздин ишмердүүлүгүңүз Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп ишенем".
ЕЭК Коллегиясынын башчысы Олжас Бектеновго чың ден соолук, бакубатчылык жана Казакстан Республикасынын жыргалчылыгы үчүн бардык пландардын ишке ашырылышын каалады.