Жаңылыктар

02.02.2025

Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги мааракеси менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев ЕЭКтин түзүлгөндүгүнүн 13 жылдыгы менен куттуктады.

Комиссиянын Коллегиясынын башчысы белгилеп өткөндөй, 2012-жылы түзүлгөн учурдан тартып, ЕЭК бирикменин катышуучу өлкөлөрү менен биргеликте ЕАЭБдин негизине киргизилген жана евразиялык экономикалык интеграцияны ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган фундаменталдык принциптерди ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

ЕАЭБ алкагында бекем ченемдик-укуктук база түзүлдү, экономиканын ар кандай тармактарында узак мөөнөттүү артыкчылыктар аныкталды, бизнес жүргүзүү жана жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттар иштеп жатат.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев баса белгилегендей, Комиссия өз ишинде мындан ары да "бешилтик" мамлекеттеринин жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, ошондой эле Бирликтин алкагында экономикалык өсүш үчүн шарттарды жакшыртуу максатын жетекчиликке алат.