Бүгүн Өзбекстанда эң башкы улуттук майрам – Эгемендүүлүк күнү белгиленет.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди жана жалпы өзбек элин бул майрам менен куттуктады.
Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Өзбекстанга туруктуу экономикалык өнүгүү жана бакубатчылык каалады.