Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
01.10.2024

Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБ алкагында санариптештирүү процесстерин интеграциялоо боюнча Digital Union концепциясын сунуштады

1-октябрда Ереванда Евразия экономикалык форумунун "Заманбап реалдуулукта санариптештирүү – төрт эркиндикти камсыздоо үчүн императив" пленардык сессиясы болуп өттү.

Иш-чаранын негизги спикерлери Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары: Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев болушту.

Форумга ошондой эле ардактуу коноктор – Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Иран Ислам Республикасынын Биринчи Вице–президенти Мохаммад-Реза Ареф катышты.

Бакытжан Сагинтаев форумда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында санариптештирүү процесстери боюнча Комиссиянын көз карашын сунуштады.

"Улуттук өкмөттөрдүн ийгиликтүү практикасына таянуу жана интеграцияланган маалымат тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен биз Digital Union идеясын көтөрдүк. Анын максаты – биздин элдерге жана бизнеске евразиялык экономикалык интеграциядан реалдуу пайданы көрсөтүү. Ошол эле учурда биз мүчө мамлекеттердин санариптик эгемендигинин милдеттүү кол тийбестигине негиздендик", – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Бул концепция ЕАЭБ мамлекеттеринин санариптештирүүгө жооп берген профилдик ведомстволору менен макулдашылды.

Бакытжан Сагинтаев Digital Union түзүлө турган жана өлкөлөрдүн санариптик эгемендигине таасир тийгизбей турган үч негизги принципти бөлүп көрсөттү.

Биринчи кезекте, бул Digital Union түзүүдө колдонула турган ченемдик жана инфраструктуралык чечимдердин шайкештиги. Буга байланыштуу улуттук санариптик платформаларды өзгөртүү талап кылынбайт.

Экинчиден, улуттук санариптик платформаларды синхрондоштуруу жана тоскоолдуксуз өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат.

Үчүнчү принцип – интеграциялуулук: Digital Union мүчө мамлекеттер кымсыздоого даяр болгон көлөмдө жана темпте бардык төрт "эркиндикти" санариптештирүүгө багытталган, ар бир өлкө суроо-талапка жараша жалпы платформанын элементтерине кошула алат.

Мындай принциптер санариптештирүү жаатындагы мыкты өлкөлүк чечимдерди байланыштырууга мүмкүндүк берет, ошону менен аларды андан ары масштабдоо үчүн шарттар түзүлөт.

Евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн жарандарын жана юридикалык жактарын маалыматтарды берүүсүз идентификациялоонун жана аутентификациялоонун өз ара таанылуучу тутумун түзүү да маанилүү болуп саналат. Аталган тутумдарды өз ара таануу боюнча пилоттук долбоор азыр ЕЭК тарабынан Армения жана Кыргызстан менен ишке ашырылууда, Казакстан – долбоорго кошулуу процессинде.

"Биз ырааттуу түрдө, өлкөлүк кызыкчылыктарды эске алуу менен Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык артыкчылыгын – чек аралык ара маалыматтык өз ара иштешүүнү камсыздоого мыйзамдуу укукту ишке ашырууну улантабыз", – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.