Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Digital Almaty 2025 санариптик форумунун пленардык сессиясында Евразия экономикалык бирлигинде санариптештирүү процесстеринин өнүгүшү жөнүндө айтып берди.
ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилеп өткөндөй, Комиссиянын күч-аракети Digital Union концепциясын ишке ашырууга багытталган.
"Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутуму иштеп жатат, ал Digital Union үчүн технологиялык пайдубал болуп саналат, – деп билдирди Бакытжан Сагинтаев. — Анын ырааттуу өнүгүшү улуттуктан жогорку инфраструктуранын калыптанышына алып келет. Бул беш ар башка тутум бир экотутумда болушуна мүмкүндүк берет".
Ошол эле учурда ЕАЭБде мүчө мамлекеттердин санариптик көзкарандысыздыгына таасирин тийгизбеген шайкештик, синхрондоштуруу жана интеграциялуулук принциптерин кармануу улантылууда. Бул санариптештирүү жаатындагы өлкөлүк мыкты чечимдерди аларды андан ары масштабдоо мүмкүнчүлүгү менен байланыштырууга мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда эле интеграцияланган маалыматтык тутумдун технологиялык чечимдери улуттук санариптик платформалардын үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсүн камсыздоодо. Натыйжада, чек ара аралык кызматтарды ишенимдүү жана коопсуз чөйрөдө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгилегендей, бүгүнкү күндө толук масштабдуу мамлекеттер аралык электрондук G2G, B2G жана C2G өз ара аракеттенүүсү жөнүндө сөз кылууга болот. Бул корголгон маалымат тармагын иштетүүнүн жана жалпы процесстерди этап-этабы менен ишке киргизүүнү камсыздоонун аркасында мүмкүн болду.
"Бешилтиктин" алкагында 77 жалпы процесс бекитилген. Алардын ичинен 42си ишке киргизилген. Комиссия дагы 24 жалпы процессти ишке киргизүүгө даярдады. Калган 11 процессти даярдоо 2025-жылдын аягына чейин камсыздалат.
Мисалы, продукциянын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө документтердин бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча жалпы процесс бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболорду олуттуу кыскартты.
Эгерде конкреттүү адамдар үчүн артыкчылыктар жөнүндө айта турган болсок, анда, мисалы, электрондук форматта ЕАЭБдин бир өлкөсүнүн жаранынын башка өлкөдөгү эмгек стажы тастыкталат.
Мүчө мамлекеттердин калкынын башка процесстерди жана документтерди санариптештирүүгө болгон муктаждыгы да жогору. Адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу – Бирликте санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыты.
Форумдун алкагында Комиссиянын стендинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын катышуусу менен Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун ишенимдүү үчүнчү тараптын кызматын пайдаланууга киргизүүгө старт берилди.
Ал электрондук санариптик кол тамганы өз ара таанууну ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет, анын аркасында мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандар үчүн чек ара аралык электрондук документ жүгүртүү камсыздалат.