Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 24-октябрда Казанда шаарында өткөн БРИКСтин XVI саммитинин талааларында Вьетнам Социалисттик Республикасынын Премьер-министри Фам Минь Тинь менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар Евразия экономикалык бирлиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулашты, 2025-жылы ага кол коюлганына 10 жыл болот. Буга байланыштуу ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен Вьетнамдын ортосунда өз ара соодада оң динамика белгиленди.
2023-жылы товар жүгүртүү 2016-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге өскөн, ал эми 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га жогорулагандыгы байкалган.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев тараптардын ортосундагы сооданын көбөйүшүнө Макулдашууну ишке ашыруу көп жагынан өбөлгө түзгөнүнө ишенимин билдирди.
"Макулдашууну түзүүдө биздин өз ара максатыбыз экспортту дифференциациялоо, жогорку кошумча нарктагы өнөр жай продукциясынын үлүшүн көбөйтүү, анын ичинде биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу болгон", – деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.
Бакытжан Сагинтаев Вьетнам менен Макулдашуу кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүү потенциалы жагынан өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда Макулдашууда белгиленген сүйлөшүп келишкендиктер менен товардык номенклатуранын 90%га жакына карата преференциялар каралган, дээрлик бардык соода боюнча алымсыз жеткилик камсыздалган.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле заманбап шарттарда сооданы жана бажылык башкарууну өнүктүрүү үчүн ар кандай инструменттердин, анын ичинде санариптик чечимдерди киргизүү жана колдонуунун натыйжалуулугу белгиленди. Атап айтканда, азыр Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда Берилген сертификаттар жөнүндө маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө протоколдун долбоорун даярдоо боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.