Маалымат
Алматыда жогорку деңгээлдеги Эл аралык тегерек стол Казакстандын бирдиктүү топтолуучу пенсиялык фондунун жана Социалдык камсыздоонун эл аралык ассоциациясынын колдоосу астында өткөрүлдү. Ал Казакстан Республикасынын топтолуучу пенсиялык тутумунун 25 жылдыгын майрамдоого туш келди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Швейцариянын, Чилинин, Австралиянын, Кытайдын, Сауд Аравиясынын, Сингапурдун, Израилдин, Уругвайдын, Канаданын, Италиянын ж.б. эксперттеринин, ошондой эле экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун, Социалдык камсыздоонун эл аралык ассоциациясынын, Дүйнөлүк банктын жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу болду.