Жаңылыктар

06.10.2022 (Обновлено: 14.10.2022 15:30)

Бакытжан Сагинтаев: "Курулуш тармагы – ЕАЭБдеги экономикалык жана технологиялык өнүгүүнүн драйвери"

Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүү жана иштетүү жана курулуш чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерди өнүктүрүү маселелери 6-октябрда Казань шаарында өткөн Биринчи Евразия курулуш конгрессинин отурумунда талкууланды. Форумда Комиссиянын атынан ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев видеоконференцбайланыш режиминде сөз сүйлөдү.

Форумдун катышуучулары ошондой эле ЕАЭБдин бирдиктүү курулуш рыногун имплементациялоо маселелерин, анын абалын жана кеңейүү перспективаларын, Евразиянын курулуш-инженерлеринин федерациясын (ЕКИФ) түзүүнү, ошондой эле бүгүнкү күндө тармактын өкүлдөрү туш болуп жаткан кыйынчылыктарды талкуулашты.

"Бирдиктүү курулуш кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногунун толук масштабдуу иштеши индустриянын динамикалуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жогорулашына жана курулуш кызматтарынын көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келет", - деп белгиледи өз сөзүндө Бакытжан Сагинтаев.

ЕЭК министри форумдун катышуучуларын бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүү жана кеңейтүү, Бирликтин санариптик инвестициялык платформасынын прототибинин үстүдөгү иштер, курулуш ресурстарын керектөөнү болжолдоо жана моделдөө тутуму туурасында маалымдады.

Бакытжан Сагинтаев бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногун камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын топтомуна, учурдагы шарттарда Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте көйгөйлөрдү жоюу боюнча жүзөгө ашырып жаткан иштерине басым жасады.

"Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин жана долбоорлоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн көпчүлүгү бирдиктүү рынок форматына өткөрүлгөн - 83 түрү, - деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев. - Биз курулуш, чектеш жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун тоскоолдуксуз иштеши жана кеңейиши, ошондой эле өнөр жай курулушунда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди улантып жатабыз".