Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 1671
03 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Александр Лукашенкону Беларустун Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Александр Лукашенкону жана бүтүндөй беларус элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. "Эгемендүүлүк жылдарында Беларусь социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ийгиликтерге жетишти, анын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен байланыштары тереңдеп баратат", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасына мындан аркы экономикалык өнүгүүнү, ал эми анын жарандарына – бакубатчылык жана жакшылык каалады.
02 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинди мааракеси менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчинди 50 жылдык мааракеси менен куттуктады. "Сиз Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келесиз", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинге чың ден соолук, бакубатчылык жана Беларусь Республикасынын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн белгиленген бардык пландардын ишке ашырылышын каалады.
27 июнундагы 2025
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары
Минск шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отуруму болуп өттү. Интеграциялык күн тартибинин бир катар маанилүү маселелери каралды. Бул — ЕАЭБ укугун өркүндөтүү, Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу, эл аралык кызматташтык, соода, кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү, табигый монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуу, спорт жаатында өз ара аракеттенүү сыяктуу багыттар. Эки маанилүү эл аралык документке кол коюлду. Биринчиси — Бириккен Араб Эмираттары менен экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим. Экинчиси — Монголия менен убактылуу соода келишими. Мамлекет башчылары ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын да карап чыгышты. Өткөн жылдарда Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык аренадагы позициясы кыйла бекемделди. Мындан тышкары, мамлекет башчыларына 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аткаруунун учурдагы жүрүшү сунушталды. Бул документти ишке ашыруу бардык негизги багыттар боюнча интеграцияга белгилүү бир түрткү берди. ЖЕЭКтин мүчөлөрү ЕАЭБ жөнүндө келишимге түзөтүүлөр киргизилген IV Чоң Протоколго кол коюшту. Өзгөртүүлөр укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди жоюуга багытталган жана атап айтканда, техникалык жөнгө салууга, электр энергетикасына, атаандаштыкка жана финансы рынокторуна тиешелүү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бирликте товарларды маркалоонун өнүгүшү жөнүндө маалымат алышты. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө баяндама кабыл алынды. ЕАЭБде спорт чөйрөсүндөгү экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды. ЕАЭБде 2023-2024-жылдары кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү жөнгө салуу эрежелерин сактоонун жыйынтыктары чыгарылды. ЖЕЭКтин отурумунда табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү 2024-жылдын жыйынтыктары сунушталды. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки отуруму 2025-жылдын декабрында Санкт-Петербургда өтөт.
26 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев: "Экономикалык потенциалдардын айкалышуусу өз ара пайдалуу кызматташтыктын натыйжасын эселеп арттырууга жөндөмдүү"
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун "Мамлекеттер аралык бирикмелердин диалогу: экономикалык потенциалдарды айкалыштыруу жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү" панелдик сессиясына катышты. "Интеграциялардын диалогу" – дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн башкы тренддеринин бири. Евразия экономикалык бирлигин соода-экономикалык мамилелердин глобалдуу тутумуна киргизүүнүн маанилүүлүгүн Бирликтин бардык беш өлкөсүнүн башчылары дайыма баса белгилешет", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. ЕЭК Коллегиясынын башчысы Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте системалуу эл аралык диалог үчүн зарыл инфраструктураны түзгөндүгүн белгиледи. Регионалдык мамлекеттер аралык бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө 12 меморандум түзүлгөн. Алар менен диалог мыкты тажрыйба алмашуу жана соода-экономикалык кызматташтыктын темпин арттыруу үчүн негиз болуп саналат. Комиссиянын жана Бирликтин кеңири байланыш тармагы бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Евразияда, Латын Америкасында, Африкада калыптанган. Диалог ийгиликтүү өнүгүп жаткан негизги өнөктөштөрдүн катарына – КМШ, ШКУ, АСЕАН, МЕРКОСУР, БРИКС, АӨИЧК, Анд коомдоштугу, Түштүк Америка жалпы рыногу, Африка бирлиги, Тынч океан альянсы жана башкалар кирет. Шериктештиктин географиясын кеңейтүүнүн негизги инструменти соода келишимдери болуп саналат. Алар Вьетнам, Иран, Сербия, Кытай менен түзүлгөн, Индонезия менен макулдашуу түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр – акыркы баскычта. 27-июнда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун алкагында БАЭ жана Монголия менен дагы эки соода келишимине кол коюу пландалууда. "Бүгүнкү күндө ЕАЭБ башка уюмдардын интеграциялык курулушунун позитивдүү тажрыйбасын кабыл алууга гана кызыкдар эмес. Калыптанган бирикме катары биз өнөктөштөргө өзүбүздүн мыкты тажрыйбаларды сунуштоого даярбыз. Биздин экономикалык потенциалдардын айкалышуусу өз ара пайдалуу кызматташтыктын натыйжасын эселеп күчөтүүгө жөндөмдүү", – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын башчысы.
26 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБ алкагында жыл сайын бизнес-түзүмдөрдүн демилгелеринин 60%дан ашыгы кабыл алынат"
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕЭКтин жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз ара иштешүү боюнча Консультативдик кеңешинин отурумуна катышты. "Комиссиянын иши жалпысынан биздин өлкөлөрдүн ишкерлери тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык потенциалын максималдуу натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Биз ишкер коомдоштук менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев иш-чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзүндө. ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, ЕАЭБ алкагында олуттуу ченемдик-укуктук база түзүлгөн, экономиканын ар кандай тармактарында узак мөөнөттүү артыкчылыктар аныкталган, бул бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылат. Ошол эле учурда Комиссия Бирликтин өлкөлөрү менен бирдикте түзгөн ишкер чөйрөлөр менен өз ара аракеттенүү механизмдери, анын ичинде Консультативдик кеңеш алардын кызыкчылыктарын максималдуу эске алууга жардам берет. "Консультативдик Кеңештин түзүлүшү "бирдиктүү терезенин" алкагында ишкерлер менен баарлашуунун жаңы форматына өтүүгө өбөлгө түздү. Азыр биздин диалог бизнестин суроо-талаптарына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Ушундан улам жыл сайын Бирликтин алкагында бизнес-түзүмдөрдүн демилгелеринин 60%дан ашыгы кабыл алынат жана жөнгө салууга киргизилет", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Отурумдун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери, анын ичинде ишкер чөйрөлөрдүн ЕАЭБдин өнөр жай саясатынын инструменттери жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу жана ишкерлердин укуктарын коргоону өркүндөтүү талкууланды. Консультативдик кеңештин ишмердигинин максаты- ЕЭКтин компетенцияларынын чөйрөсүндө ишкердикти өнүктүрүүнүн багыттарын жана перспективаларын аныктоодо Комиссиянын жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин натыйжалуу диалогун камсыз кылуу.
26 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБ жана АӨИЧК өлкөлөрүнүн соода-экономикалык диалогунун мааниси өсүүдө"
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте өткөн Евразия экономикалык форумунун талааларында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин башкы (АӨИЧК) катчысы Кайрат Сарыбай менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК жана АӨИЧКнын мындан аркы диалогу, атап айтканда, Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында иш-чаралар планын даярдоо боюнча маселелер талкууланды. "Биз өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен биргелешкен ишмердигибиздин бардык келечектүү багыттарын планга киргизебиз", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Ошону менен бирге ЕЭК Коллегиясынын башчысы аймакта биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө басым жасоону сунуштады. Евразия экономикалык комиссиясы менен АӨИЧК ортосундагы кызматташтык глобалдык экономикалык процесстердин шарттарында чоң актуалдуулукка ээ болууда. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну өнүктүрүү үчүн үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды сактоону макулдашышты. ЕЭК менен АӨИЧК Катчылыгынын ортосунда өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга 2022-жылы кол коюлган.
26 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Мьянманын Премьер-министри Мин Аун Хлайн менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте өткөн Евразия экономикалык форумунун талааларында Мамлекеттик административдик кеңештин Төрагасы, Мьянма Бирлиги Республикасынын Премьер-министри Мин Аун Хлайн менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Мьянманын кызматташуу маселелерин талкуулашты. "Меморандумга кол коюлгандан бери биздин кызматташуубуздун экономикалык күн тартибинин кеңири чөйрөсү боюнча оң динамика байкалууда, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. – ЕАЭБ мамлекеттеринин Мьянма менен товар жүгүртүүсү 2019-жылдан 2024-жылга чейин үч эседен ашык көбөйүп, 1,5 млрд доллардан ашты". ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, тараптардын бири-биринин соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу өз ара иштешүүнү өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев жана Мин Аун Хлайн ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү ЕАЭБ менен Мьянманын диалогуна кошумча импульс берет деген бир пикирге келишти. Бул кызматташтыктын жаңы перспективалуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет. ЕАЭБ өлкөлөрүнө мьянмалык экспорттун негизги товарлары болуп күрүч, кофе, пальма майы, какао-буурчактары саналат. Мьянмага импортто минералдык жер семирткичтер, керектөө товарлары, машиналар жана жабдуулар, металлдар, тамак-аш майлары, цемент, дары-дармектер басымдуулук кылат.
26 июнундагы 2025
Минскте IV Евразиялык экономикалык форуму ачылды
26-июнда Минск эл аралык көргөзмө борборунда IV Евразия экономикалык форуму ачылды. Анын башкы темасы — "Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы: жыйынтыктар жана перспективалар" болду. Иш-чара ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу менен өтүп, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна арналган. Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине Беларусь Республикасынын Премьер-министри, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы Александр Турчин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышышты. Беларустун Өкмөтүнүн башчысы жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы форумдун катышуучуларына жемиштүү иш каалап, саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты. "Жылдан жылга Форум Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугу менен бийлик органдарынын ортосунда ачык диалог үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп бара жатат", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. ЕЭФ-2025 ишкердик программасы ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлеринин жана эл аралык делегациялардын башчыларынын катышуусу менен пленардык отурумду, ошондой эле отуздан ашык тематикалык иш-чараларды камтыйт.
Дагы көрсөтүү