Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жумуштуулук кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2023-жылдын июль айынын аягына карата 912,3 миң адамды түзүп, 2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 12,4%га кыскарган.
Ошентип, жумушсуздардын саны жумушчу күчтүн санынын 1%ын түзөт. 2022-жылда бул көрсөткүч 1,1%ды түзгөн.
ЕАЭБдеги жумушсуздук жөнүндө кененирээк маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин баракчасында "Жумушсуздук жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.