Сергей Васильевич Максимов 1961-жылы Омск шаарында туулган.
СССР ИИМинин Омск жогорку милиция мектебин, андан кийин - ошол эле окуу жайдын адъюнктурасын жана СССР ИИМ Академиясынын докторантурасын (Россия Федерациясы) аяктаган. Юридика илимдеринин доктору, профессор.
1983-жылдан 2005-жылга чейин - укук коргоо кызматында кызмат өтөгөн. Ал СССР ИИМ Омск жогорку милиция мектебинин адъюнкт,у илимий кызматкери жана Кылмыш-жаза укугу бөлүмүнүн улук окутуучусу, СССР ИИМ Академиясынын докторанты (Россия ИИМи), Россия ИИМинин Москва институтунун Кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын профессору, Россия ИИМинин Москва университетинин криминология кафедрасынын профессору кызматтарын ээлеген.
2006-жылдан 2018-жылга чейин - РИАнын мамлекет жана укук институтунун жазык укугу, криминология жана сот адилеттиги маселелери секторунун жетектөөчү илимий кызматкери жана башчысы.
2008-2010-жылдары - Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө көзөмөл боюнча федералдык кызматтын укуктук камсыздоо жана лицензиялоо башкармалыгынын башчысы.
2010-2015-жылдары - Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын Укук башкармалыгынын башчысынын орун басары.
2015-2016-жылдары - Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директору.
2016-жылдан 2024-жылга чейин - Федералдык монополияга каршы кызматтын жетекчисинин жардамчысы жана кеңешчиси.
2015-жылдан тартып - РИАнын атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча Илимий кеңешинин төрагасынын орун басары, 2016 – жылдан тартып - "Россия атаандаштык укугу жана экономика" илимий-практикалык журналдын башкы редактору, 2023-жылдан тартып - Россиянын Юристтер ассоциациясынын Интеллектуалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары.
Атаандаштык, административдик жана жазык мыйзамдары боюнча 400дөн ашык илимий жана илимий-методикалык иштердин автору.
2024-жылдын 22-июлунан тартып ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору кызматына дайындалды.