Жаңылыктар

12.08.2022 (Обновлено: 19.08.2022 13:44)

ЕЭКтин каржы саясаты департаментинин директору болуп Аркадий Хачатрян дайындалды

Аркадий Санасарович Хачатрян 1975-жылдын 29-январында Ванадзор шаарында (Армения Республикасы) төрөлгөн.
1997-жылы Ереван мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2005-жылы ЕСУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. 2009-жылы Гарвард университетинин Джон Кеннеди атындагы Башкаруу мектебинде окуудан өткөн ("сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү").
Экономика илимдеринин кандидаты.

1998-2002-жылдар аралыгында Армениянын Каржы министрлигинде ар түрдүү кызматтарда, анын ичинде министрликтин Камсыздандыруу инспекциясынын башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

2002-2003-жылдарда – "Камсыздандыруучулар ассоциациясы" Юридикалык жактардын бирлигинин директору, Ереван ш.

Андан кийин 10 жылдан ашык – 2003-жылдан 2015-жылга чейин – Армения Республикасынын Президентинин Аппаратында, анын ичинде эксперттик-талдоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2015-2018-жылдарда – Армения Республикасынын Борбордук банкынын кеңешинин мүчөсү.

2018-2019-жылдарда – Армения Республикасынын Борбордук банкынын төрагасынын кеңешчиси.

2019-жылдан 2021-жылга чейин – Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын 7-чи чакырылышынын депутаты, Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Каржы-кредит жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.

2022-жылдын августунда Евразия экономикалык комиссиясынын каржы саясаты департаментинин директору болуп дайындалды.