Жаңылыктар

20.11.2023 (Обновлено: 23.11.2023 17:18)

ЕАЭБ күндөрү Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясынын Катчылыгында өтүп жатат

ЕАЭБ күндөрү 20-ноябрда АСЕАН Катчылыгындагы Джакартада (Индонезия Республикасы) башталды. Иш-чара Евразия экономикалык комиссиясы менен АСЕАНдын ортосунда экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюунун бешинчи жылдыгынын урматына өтүп жатат жана АСЕАН мамлекеттеринин өкмөттүк, ишкер жана эксперттик чөйрөлөрүнүн евразиялык экономикалык интеграциянын өнүгүүсү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

ЕАЭБ күндөрүн ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана АСЕАНдын Башкы катчысы Као Ким Хорн ачышты.

"ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрү соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы баскычына өтүүдө. Үстүбүздөгү жылы биз товар жүгүртүүнүн рекорддук деңгээлине жетип жатабыз, ал жылдык санамда 11%га өсүүдө. Бул тенденциянын узак мөөнөттүү мүнөзүн көрсөткөн көптөгөн факторлор бар, – деп билдирди Сергей Глазьев. – Геоэкономикалык ландшафт өзгөрүүдө, ал эми биздин интеграциялык бирикмелер азыркы дүйнөнүн маанилүү өнүгүү борборлоруна айланууда. Жакынкы беш жыл ЕАЭБ жана АСЕАН бизнес-коомдоштуктарынын мамилелеринде жигердүү болмокчу. Буга ЕЭК жана АСЕАН Катчылыгы тарабынан түзүлүп жаткан ишкер, эксперттик жана академиялык чөйрөлөрдүн ортосунда түз байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр өбөлгө түзөт".

Као Ким Хорн өз кезегинде белгилегендей, ЕАЭБ күндөрү – бул АСЕАН өлкөлөрүнүн элдерине ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин потенциалын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Ал АСЕАН менен ЕАЭБдин соода жана инвестициялар, туризм, ресурстарды башкаруу, жогорку технологиялык өндүрүш, санариптик технологиялар жана транспорт чөйрөлөрүндө кызматташуусунун чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгиледи.

ЕАЭБ күндөрүнүн катышуучуларына саламдашуу сөзүн ЕЭК Кеңешинин Төрагасы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жолдоп, бул иш-чараны өткөрүү боюнча демилгени ишке ашыргандыгы үчүн АСЕАН Катчылыгына жана ЕЭКке чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди. Ал ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле ЕАЭБ күндөрүндө боло турган пикир алмашуулар Евразиянын Түндүк жана Түштүк-Чыгышынын экономикалык мейкиндиктерин байланыштырган эки интеграциялык бирикменин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле иш-чаралардын ачылыш күнүндө Сергей Глазьевдин АСЕАНдын Башкы катчысы Као Ким Хорн менен жумушчу жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө ЕЭКтин АСЕАНдын Катчылыгы менен соода, санариптик күн тартип, ишкердикти өнүктүрүү, экономикалык интеграцияга көмөктөшүү, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү жана башка багыттар боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. ЕЭК министри АСЕАНга ЕАЭБ күндөрүн өткөрүү идеясын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

ЕАЭБ күндөрүнүн программасы Евразия экономикалык интеграциясынын негизги этаптарын чагылдырган жана ЕАЭБ мамлекеттеринин кызматташтыгынын негизги багыттары (өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт, санариптик күн тартиби жана башкалар) боюнча Бирликтин жетишкендиктерин көрсөткөн "Евразия экономикалык бирлиги 2015-2023: жетишкендиктер жана перспективалар" фото-көргөзмөсүн өткөрүүнү камтыйт.

Мындан тышкары, төмөнкү темалардагы эки тегерек стол өткөрүү пландаштырылган: "ЕАЭБ жана АСЕАНдын экономикалык күн тартиби: кесилишкен кызыкчылыктар" (ММЭМИнин алдындагы АСЕАН Борбору менен бирдикте) жана "ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосундагы байланыштарды бекемдөө: ишкер коомдоштуктун ролу" (Россия-АСЕАН Ишкер кеңеши менен бирдикте). Иш-чаралардын трансляциясы ЕЭКтин Youtube-каналында жеткиликтүү.

ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн көмөктөшүүсү менен адистештирилген иш-чара уюштуруп, анда ЕАЭБ күндөрүнүн конокторуна Бирлик өлкөлөрүнүн улуттук тамактары сунушталды.

ЕАЭБ күндөрүнүн иш чараларына ЕЭК делегациясы, ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү, АСЕАН Катчылыгынын жетекчилери жана кызматкерлери, ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн ишкер, өкмөттүк жана эксперттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Маалымат

ЕЭК менен АСЕАНдын ортосунда экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2018-жылы кол коюлган.

ЕЭК жана АСЕАН 2025-жылга чейинки мезгилге эсептелген, биргелешкен Кызматташтык программасын ишке ашырышат. Анын алкагында бир катар биргелешкен иш-чаралар уюштурулган, алардын ичинен эң көрүнүктүүсү болуп 2019-жылы өткөрүлгөн "ЕАЭБ жана АСЕАНдагы регионалдык экономикалык интеграция" жана "ЕАЭБ жана АСЕАНдагы санариптик трансформация" семинары саналат (биринчи этабы 2023-жылдын 1-мартында, экинчи этабы - 2024-жылы өткөрүлгөн). АСЕАНдын өкүлдөрү ЕЭК тарабынан уюштурулган Петербург эл аралык экономикалык форумунда жыл сайын өткөрүлүүчү ЕАЭБ-АСЕАН Бизнес-диалогу сыяктуу ири форумдардын алкагында сессияларга, ошондой эле 2030-жылга чейинки мезгилде БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө экономикалык интеграциянын таасирине арналган ЕЭКтин иш-чараларына катышкан. АСЕАН ЕЭКтин өкүлдөрүн Россия-АСЕАНдын экономика министрлеринин жана улук кызмат адамдарынын жолугушууларына катышууга чакырып турат.