Жаңылыктар

17.10.2022

2023-жылдын 1-сентябрына чейин товарларды ЕАК белгиси менен маркировкалоо эрежелери жөнөкөйлөштүрүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши продукцияны ташып келгенден кийин – бажы процедураларын өткөндөн кийин ЕАШ белгисин коюу жана керектөөчүлөр үчүн продукцияга курамы, жарактуулук мөөнөтү, өндүрүүчүсү жөнүндө маалымат ж.б. маркировкалоо мүмкүндүгү тууралуу чечим чыгарды. Муну менен катар товар керектөөчүгө (сатып алуучуга) сатылганга чейин маркировка коюлушу керек. Маркировкалоо боюнча мындай жөнөкөйлөтүү 2023-жылдын 1-сентябрына чейин колдонулушу мүмкүн.

Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин чечиминин негизинде 2023-жылдын 1-сентябрына чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан продукцияны бажы процедураларына жайгаштырууда шайкештикти баалоо боюнча документтерди (мындай документтер жөнүндө маалыматтарды) бажы органдарына берүүнүн тартибин жана учурларын аныктоо бөлүгүндө ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 12-ноябрындагы №130 чечимин колдонуунун өзгөчөлүктөрү белгиленет. ЕАЭБдин аймагына шайкештиги милдеттүү түрдө баалануучу продукцияны ташып келүүнүн улуттук белгиленген өзгөчөлүктөрү ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоо боюнча милдеттенмелерди жокко чыгара албайт.

Чечим Комиссиянын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 12 тескемеси менен бекитилген ЕАЭБдин мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча чаралардын тизмегин ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды. Көрүлгөн чара экономикалык санкцияларга дуушар болгон ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторунда товарларды туруктуу камсыздоо үчүн зарыл.