Жаңылыктар

15.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 13:58)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн автоөндүрүүчүлөрү 2023-жылдын 31-январына чейин ЭРА-ГЛОНАССты орнотпой тура алышат

14-июнда ЕЭК Коллегиясы тараптардын сунуштары боюнча ЕАЭБдин бажы аймагында даярдалган M1, M2, M3, N1, N2 жана N3 категорияларындагы транспорт каражаттарын (шассилерди) шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзмөктөрү же тутуму менен жабдыбай туруу мүмкүнчүлүгүн 2023-жылдын 31-январына чейин узартты (кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарынан жана балдарды ташуу үчүн атайын арналган транспорт каражаттарынан сырткары). Өткөөл жоболорду белгилөө зарылчылыгы аталган шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу тутумдарын өндүрүүдө колдонулган жарым өткөргүчтөрдүн тартыштыгынын сакталышы менен шартталган, ал эми бул Бирликтин ири автоөндүрүүчүлөрүнүн муктаждуу иштебей калуу тобокелдигин жаратууда.

Даярдоочулардын транспорт каражаттарын (шассилерди) 2023-жылдын 31-декабрына чейин шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзмөгү же тутуму менен толуктап жабдышы каралган. Ошол эле учурда өндүрүүчүлөр керектөөчүнү транспорт каражатын (шассини) шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзмөгү же тутуму менен толуктап жабдуу жана электрондук ТКПда тийиштүү маалыматты көрсөтүү зарылчылыгы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

Ошондой эле, Казакстан Республикасынын жеке жактарга ЕАЭБдин аймагына жеке колдонуу үчүн алып келинип жаткан транспорт каражаттарын шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзмөгү же тутуму менен жабдыбай коюу укугун берүү жөнүндө сунушун ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен иштеп чыгып, анын жыйынтыктарын ЕЭК Кеңешинин жакынкы отурумунда карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.