Жаңылыктар

30.03.2022

Ак ниет ишкерлер товарлардын айрым категорияларын декларациялоо мүмкүнчүлүгүн алышат

29-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Товарларга карата декларацияны толтуруу тартибин жаңы бөлүм менен толуктады.

Бул жаңы киргизилген тартип товарлардын айрым топторун бажылык декларациялоого мүмкүнчүлүк берет. Кеп Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып келинген же бирдиктүү рынокко бажы эрежелерин бузуу менен чыгарылган, бажы алымдарынын, салыктардын төлөнбөшүнө, тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн, ички рынокту коргоо чараларынын аткарылбашына алып келген товарлар жөнүндө болууда. Ошондой эле, мындай товарлар контролдук иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө аныкталышы мүмкүн.

Мындай товарларды декларациялоонун каралган өзгөчөлүктөрү ак ниет сатып алуучуларга бажы декларациясын анын айрым графаларын толтуруусуз же товарлар, анын ичинде транспорт каражаттары, товарлардын жөнөтүүчүсү жана алуучусу жөнүндө толук эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берүүгө мүмкүндүк берет.

"Кабыл алынган өзгөртүүлөр ак ниет ишкерлер үчүн тийиштүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн товарларды, аларды андан ары эркин пайдалануу максатында декларациялоонун буга чейин болуп келбеген укуктук негиздерин ачмакчы", – деди ЕЭКтин бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору Сергей Владимиров. Анын айтуусу боюнча, бажы органдарында да ишкерлер тарабынан мындай товарларды андан ары эркин пайдалануу максатында декларациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу тийиштүү ченемдик укуктук база болмокчу.
Комиссиянын Коллегиясынын чечими ушул жылдын 1-октябрында күчүнө кирмекчи.