Жаңылыктар

18.01.2022

ЕАЭБ жана Эфиопия 2022-жылга кызматташтыкты өнүктүрүү пландарын талкуулашты

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян менен Эфиопия Федеративдүү Демократиялык Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алемайеху Тегену менен жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө бул маселе өзөктүү маселе катары каралды. Жолугушуу 17-январда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

"Эфиопия – Африкадагы биздин салттуу соода өнөктөш. ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен Эфиопиянын ортосундагы товар жүгүртүү 2021-жылдын январь-октябрында 2020-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 4,7 эсеге көбөйгөн. Бул 2019-жылы "Россия – Африка" саммитинин жүрүшүндө айтылган, континенттин өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнү эки эсе көбөйтүү планына байланыштуу өзгөчө мааниге ээ", - деп Гоар Барсегян билдирип, эфиопиялык тарап менен өз ара аракеттешүү динамикасын жогору баалады. 
Элчи өз кезегинде Эфиопиядан гүл, текстиль, кофе, буурчак сыяктуу товарлар салттуу түрдө ЕАЭБ рыногунда суроо-талапка ээ жана атаандаштыкка жөндөмдүү экенин белгилеп өттү. Ошондой эле, ал ЕАЭБтин бирдиктүү рыногун ачкан мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен Бирликтин бардык мамлекеттери менен диалогду активдештирүүгө ниетин билдирди.

Маектештер ЕЭК жана Эфиопиянын ортосундагы диалогго ишкер чөйрөлөрдү тартуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти, анын ичинде, өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөр үчүн ЕАЭБтин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, ошондой эле ЕАЭБ алкагында улуттуктан жогорку жөнгө салуунун айрым аспектилери жөнүндө алардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында.

Гоар Барсегяндын пикири боюнча, ЕАЭБ менен Эфиопия мүчөсү болуп саналган Африка бирлигинин ортосунда кызматташууну өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар. Бул потенциалды ачуу максатында, ЕЭК жана Африка бирлигинин ортосунда кызматташуу программасынын долбоору даярдалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму, Евразиялык экономикалык форуму, "Россия – Африка" саммити жана башка ири эл аралык дискуссиялык аянтчаларда өз ара аракеттешүүнү улантууга даярдыгын билдиришти.

Маалымат

Эфиопия 1 миллиардга жакын калкы бар 55 Африка мамлекеттерин бириктирген эл аралык өкмөттөр аралык уюм болгон - Африка бирлигинин өлкөлөрүнүн катарына кирет. Африка бирлигинин Комиссиясы (АБК) анын ыйгарым укуктуу органы болуп саналат жана Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебада жайгашкан.

2019-жылдын 24-октябрында "Россия – Африка" биринчи саммитинин жүрүшүндө ЕЭК менен Африка бирлигинин ортосунда экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн. Африканын аймактык уюмдарынын башчыларынын катышуусунда тегерек стол жана "ЕАЭБ – Африка: интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн жана кызматташтыктын тенденциялары жана перспективалары" сессиясы болуп өткөн.