3-5-апрелде чейин Джакартада (Индонезия Республикасы) Евразия экономикалык бирлиги менен Индонезия Республикасынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болуп өттү.
"2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Индонезия менен өз ара соодасы 2021-жылга салыштырмалуу 58%га өскөн. Эркин соода жөнүндө макулдашуу биздин экономикалардын экспорттук потенциалын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү менен товар жүгүртүмүнүн кошумча өсүшүн камсыздоого мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин сооданы жөнгө салуунун атайын маселелери бөлүмүнүн башчысы Антон Цециновский.
Анын пикири боюнча, биринчи раунддун натыйжалары жана өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга эки тараптын тең ырасталган каалоосу, мындан ары сүйлөшүүлөрдү динамикалуу жүргүзүүнүн перспективаларына оптимизм менен кароого мүмкүндүк берет.
Тиешелүү макулдашууларга жетишүү, өз кезегинде, кызматташтыкты бекемдөөгө кеңири кызыкдарлыгын билдирген ишкер коомчулугунун күтүүлөрүнө шайкеш келет. Мындай өз ара иштешүүнүн натыйжаларынын бири "ЕАЭБ-Индонезия" бизнес-диалогу болот, ал мамлекеттик органдардын жана компаниялардын жетекчилеринин катышуусу менен, май айынын аягында Москва шаарында өткөрүү пландаштырылган Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөрүлмөкчү.
Маалымат
2022-жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕАЭБ менен Индонезиянын ортосунда эркин соода жөнүндө келишим түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн башталышы боюнча чечим кабыл алган. 2022-жылдын декабрында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев жана Индонезия Республикасынын соода министри Зулкифли Хасан мындай сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө жарыялашкан.