Латын Америка-Кариб экономикалык тутуму (ЛАЭТ) – 1975-жылы түзүлгөн Латын Америка өлкөлөрүнүн экономикалык коомдоштугу, ал Латын Америкасынын төмөнкү 26 мамлекетин бириктирет: Аргентина, Барбадос, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Гаити, Гайана, Гватемала, Гондурас, Гренада, Доминикан Республикасы, Колумбия, Коста-Рика, Куба, Мексика, Никарагуа, Панама, Парагвай, Перу, Сальвадор, Суринам, Тринидад жана Тобаго, Уругвай, Чили, Эквадор жана Ямайка.
ЛАЭТ жогорку органы - жыл сайын чакырылуучу Латын Америка Кеңеши. Уюмдун күндөлүк ишмердигин туруктуу катчылык жүргүзөт. Конкреттүү экономикалык программаларды ишке ашыруу үчүн жумушчу комитеттер түзүлөт.